nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

28.09.2015

     Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2015-жылдын 1-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.
Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (20:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 12:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);

Ч. Айтматов Окуу Залы:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (20:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: Дем алыш

Даярдоо курсу Окуу Залы (Башкы имарат):
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00;
Ишемби: 11:00-18:00
Жекшемби: Дем алыш

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 01.10.2015 – 01.06.2016 күндөрүнө тийиштүү;
* С. Жигитов атындагы окуу залы академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.

21.05.2015

     Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын жана окуу залдарынын иштөө убактысы 2015-жылдын июнь айынан баштап жайкы мезгилге өтөөрүн билдиребиз.

Борбордук китепкана (Жаңы студенттик жатаканадагы) 2015-жылдын 01-13 июнь күндөрү
Дүйшөнбү-Жума: 08:30-20:00 (Бул күндөрү саат 17:30-20:00 арасында абонемент, принтер жана ксерокөчүрмө кызматы иштебейт. Болгону окуу залдар жана компьютердик зал ачык болот);
Ишемби: 11:00-20:00 (Бул күндөрү абонемент, принтер жана ксерокөчүрмө кызматы иштебейт. Болгону окуу залдар жана компьютердик зал ачык болот);
Жекшемби: Эс алуу.

15-июнь күнүнөн баштап китепкана жайкы мезгилге өтөт
Дүйшөнбү-Жума: 08:30-17:30
Ишемби- Жекшемби: Эс алуу.


Ч. Айтматов атындагы окуу залы, Даярдоо курсу окуу залы (башкы имараттагы китепкана) жана С. Жигитов атындагы окуу залынын иштөө убактысы 2015-жылдын 01-июнь күнүнөн баштап жайкы мезгилге өтөт:
Дүйшөнбү-Жума: 08:30-17:30
Ишемби- Жекшемби: Эс алуу.

12.03.2015

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн IEEE Xplore digital libraryэлектрондук маалымат базасына 23.03.2015 - 04.04.2015 күндөрү үчүн сыноочу байланыш ачылат. Аталган маалымат базасында компьютердик илимдер, электрондук инженерия жана электроника боюнча илимий макалалардын индекси, абстракты жана толук тексти жайгашкан. Маалымат базасы негизинен Электрондук инженерия жана электроника институту (IEEE) менен Инженерия жана технологиялар институтунун материалдарын камтыйт. IEEE Xplore санариптик китепканасы электротехника, информатика жана электроника боюнча дүйнөдө эң көп цитата алынган 3.5 млндон ашык басылманын толук тексттине веб-байланыш камсыз кылат.
• 174 IEEE журналы
• 26 IET журналы
• 400 конференциянын материалдары
• 2800 + IEEE стандарты
• Чексиз жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү
• 1.4 миллондон ашык автор (Түркиядан 7000ден ашык)
• 20+ VDE конференциялардан 6400дөн ашык макала
• Bell Labs Technical Journal журналына байланыш
• 1800-жылдардан берки архив
• 1800 электрондук китеп жана 400 үйрөтүү курсу
• IEEE Xploreге ай сайын 20.000 миң документ кошулуп турат
• Акысыз техникалык жардам жана үйрөтүү

Маалымат базага бул жерден байланыша аласыздар.
Маалымат база туралуу брошюра Англисче Орусча.