nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

21.11.2014

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Global eJournal Library”маалымат базасына 11.01.2015 күнүнө дейре убактылуу байланыш ачылды. “Global eJournal Library” - ачык байланыштагы журналдардын маалымат базасы. Маалымат базада 120 өлкөнүн, 8000 басмакананын, 17000 журнал жана издөөгө ачылган 7000000 жакын макала бар. Мындан тышкары Golden, Embargo, Corporate түрүндөгү ачык байланышта болгон журналдар бар.
Маалымат базаны бул жактан (http://login.gejlibrary.com/) колдонсоңуз болот.

13.11.2014

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Food Science Source”, “Environment Complete” жана “Biological & Agricultural Index Plus” маалымат базаларына 2014 жылдын акырына чейин убактылуу байланыш ачылды.
“Hiperkitap” – электрондук түркчө китептердин маалымат базасы. Кызыгуучулардын, интелектуалдардын, илимпоздордун, студенттердин академиялык маалыматтарды ылдам жана оңой пайдалануусу үчүн түзүлгөн маалыматтык база. 
Ушул мезгилде Түркиянын 300 басмаканасынын 12000 китеби маалымат базага кирген. Китептерди электрондоштуруу иштери тездик менен уланып, бул сан күн өткөн сайын көбөйүүдө. Техникалык абалы жана маани маңызы Hiperkitap үчүн эң негизки оорунда. 
Бул маалымат базасында төмөнкү тармактар боюнча маалыматтар бар: илимдин өнүгүшү, экономика, айлана чөйрө, тарых, укук, адабият, менеждмент, медицина илими, музыка, психология, саясат илими жана спорт.
“Hiperkitap” маалымат базасында online абонемент системасы иштейт. Маалымат базасында жайгашкан китептерди MY EBSCOHost байланышын ачып, ал аркылуу китепти алып, Adobe Digital Editions программасын колдонуу менен интернет байланышы болбогон жерден да окуй аласыз. 
“Hiperkitap” маалымат базасын пайланууну жана online абонемент системасын үйрөнүүнү каалаган окурмандар борбордук китепканага кайрылса болот. 
Маалымат базасы бул жерде

Food Science Source - тамак-аш индустриясынын бардык деңгээдеги маалыматтык муктаждыгын канааттандыруу үчүн иштелип чыккан толук тексттүү ири маалымат базасы болуп саналат.
Food Science Source тамак-аш өндүрүшүнүн жана азык-түлүк рыногунун 29 негизги отчетун камтыйт. Мындан тышкары, дүйнөлүк азык-түлүк рыногунун алдыңкы оюнчуларынын өндүрүштүк жана рыноктук басылмаларын талдоонун негизинде чогултулган он миңдеген салыштырма анализдер камтылган. Тамак-аш өндүрүшү боюнча адистер үчүн иштелип чыккан Food Science Source маалымат базасы тамак-аш өндүрүшүнө байланыштуу актуалдуу, толук тексттүү, заманбап, тандалма материалдарды сунуштайт.
Food Science Source көптөгөн маалымат булактарынан жыйналган, уникалдуу интерграцияланган мазмундуу, тамак-аш таануу жана буга байланыштуу маанилүү тармактык маалыматтарды сунат. Тармакка тиешелуу маалымат базасы макалалардын толук текстин ошондой эле сурот, таблица жана чарттарды (графика) ж.б. камтыйт.
Бул базада төмөндөгү дисциплиналардын материалдары берилди:
• Агрардык бизнес
• Тамак-аш азыктары жана суусундуктар жөнүндө илим
• Тамак-аш азыктарынын тангагы (упаковкасы)
• Тамак-аш азыктарын өндүрүү технологиялары
• Тамак-аш азыктарынын коопсуздугу
• Коомдук тамак-аш
• Тамак-аш товарларын жеткирип берүү (поставкасы)
• Кулинария инновациялары
• Жаны тамак-аш азыктарын өндүрүү жана жайылтуу
EBSCOHost маалымат базасына кирип колдонсоңуз болот.

Environment Complete – айыл чарба, энергетика, жаратылыш ресурстары, энергия булактарын жаңыртуу, суу ресурстарын колдонуу, география, таштандыларды тазалоо, экологиялык менеджмент тармактарын каптыган тармак.
Бул малымат базасы айыл-чарба, экология, энергетика, айлана чөйрөнү коргоо, география, экологиялык технология, суу жана дарыя технологиясы, жаратылыш ресурстары, зыяндуу заттарды тазалоо, коомчулук саясаты, энергия булактарын жаңылоо, социалдык суроолор, шаардык план боюнча темаларды ичине камтыйт. Ошондой эле 1940 жылдан бери топтолгон 2,5 миллиондоне ашык статьялар, 2400 минден ашык америкалык жана европалык журналдар, 200 ашык монографиялар бар. 
EBSCOHost маалымат базасына кирип колдонсоңуз болот.

“Biological & Agricultural Index Plus – жаңыланып туруучу толук ресурстар, биологиялык жана агракрдык илим үчүн окуу жана илимий изилдөөлөр. Айыл чарба тармагы боюнча материалдар. 
“Biological & Agricultural Index Plus – темага байланыштуу керектүү болгон толук материалдар, айыр чарбалык изилдөөлөр, биология, курчап турган чөйрө илими, генетика, өсүмдүктөр, физиология, ведеринардык медицина, жандуу жаратылыш ресурстарын айлантыруу боюнча ж.б. маалыматтарды ичине камтыйт.
Маалымат базада:
• 1986 жылдан бери жарыяланган 96 илимий журнал
• 1982 жылдан берки 376 публикация жана библиографиялык маалымат, тезистер бар.
EBSCOHost маалымат базасына кирип колдонсоңуз болот.

Толук маатымат үчүн Борбордук Китепканага кайрылыңыздар.

18.09.2014

     Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2014-жылдын 1-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.
Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (20:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 12:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат).

Ч. Айтматов Окуу Залы:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (20:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: Дем алыш.

Даярдоо курсу Окуу Залы (Башкы имарат):
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00;
Ишемби: 11:00-18:00;
Жекшемби: Дем алыш.

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт.
* Бул иштөө убакыттары 01.10.2014 – 01.06.2015 күндөрүнө тийиштүү.
* С. Жигитов атындагы окуу залы академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт.
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.