nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

10.02.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн «Sage Premier» маалымат базасына 31.12.2016 мөөнөтүнө чейин байланыш ачылды. «Sage Premier»маалымат базасында бизнес, гуманитардык жана социалдык, техникалык жана медицина илим тармактары боюнча 824төн ашуун журнал бар.
Маалымат базасы бул жерде.

30.12.2015

     Урматтуу окурмандар! Стамбул борбордук муниципалдык мэриясынын китепкана жана музейлер башкармалыгына караштуу Ататүрк атындагы китепканада сакталган кол жазма эстеликтери, документтер жыйнагы, араб тамгасы пайдаланып жазылган китептер, чет тилде жазылган китептер, альбомдор, открыткалар, карталар, мезгилдүү басма сөз, армян тилинде жазылган китептер, макалалар маалымат базасы электрондук системага киргизилип колдонууга байланыш ачылды. 

Толук маалыматты ушул адрестен алсаңыз болот:
http://ataturkkitapligi.ibb.gov.tr/ataturkkitapligi/index.php 

Электрондук каталог бул баракчада:
http://katalog.ibb.gov.tr/yordambt/yordam.php?-ac=arama&-vt=YordamBTSYS&betik=&bolumsanal 

Жогоруда айтылган жактарды бул каталогдун “Электрондук бөлүмү” деген жерден тандасаңыз болот. Толук тексттер жана мезгилдүү басма сөздөр паролсуз. Калгандары үчүн Онлайн каттоо жасашыңыз керек. Онлайн каттоо электрондук каталогдун сол тарабындагы “Отурум ачыңыз” деген бөлүмгө чычкан менен басуу аркылуу болот. 
Толук маалымат үчүн университетибиздин борбордук китепканасына кайрылсаңыз болот.

25.12.2015

     Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасынын иштөө убакыттары 2016-жылдын Январь айында төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт.

Даярдоо курсу Окуу Залы (Башкы имарат), Ч. Айтматов Окуу Залы жана С. Жигитов Окуу Залдары 
Иштөө убактысы:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-17:30;
Ишемби: - Жекшемби: Дем алыш.

Борбордук китепкана 
Мурдагы график бойдон иштейт, болгону иш күндөрү саат 17:30дан кийин, Ишемби, Жекшемби күндөрү толук күн окурмандарга китептер үйгө берилбейт.

* 2016-жылдын 02-03-Январь күндөрү Борбордук китепка иштебейт;
* Расмий майрам күндөрү баардык китепканалар иштебейт;
* 2016-жылдын Февраль айынан баштап китепканалар кайрадан академиялык календарь боюнча иштей баштайт.