Жазылган маалымат базалар
 

 

 

“Web of Science” маалымат базасы дүйнөлүк масштабдагы импакт-фактору жогору болгон, табигый жана так илимдер, социалдык илимдер, искусство, адам жана коом тармагында жарыяланган 12.800ден ашуун илимий журналдарды, 12.000 конференция материалдарын камтыйт. Маалымат база Clarivate Analytics (Thomson Reuters) компаниясына таандык көп дисциплинардык шилтеме индекстеринен турат.

     

 

Scopus – бул көп дисциплинардык библиографиялык жана абстракттуу маалымат базасы жана илимий журналдарда жарыяланган макалалардын шилтемелерин изилдөөчү курал. Scopus дүйнө жүзү боюнча 5 миң илимий басмаканалардын 18 миңден ашуун басылмаларын, анын ичинде 13 миллионго жакын патентти, ошондой эле илимий конференциялардын материалдарын камтыйт. Elsevier тарабынан иштелип чыккан жана колдоого алынган.
Алыстан кирүү мүмкүнчүлүгүн каттоо боюнча нускамалар бул жерде.
Scopus автордук профилдерди бириктирүү

     

 

Taylor and Francis Journals Online - бул маалымат базасы университеттик басмакана жана дүйнөдөгү баардык коммерциялык журнал чыгаруучу басмаканалардын эң чоңу болуп саналат. Маалымат база баардык тармактагы 17 миңге жакын илимий журналдарды камтыйт.

     

 

JSTOR маалымат базасы Area Studies (521 titles), Arts (857 titles), Business and Economics (1306 titles), History (3767 titles), Humanities (3879 titles), Law (432 titles), Medicine and Allied Health (356 titles), Science and Mathematics (1642 titles), Social Sciences (5566 titles) темалардагы илимий журналдардын электрондук түрүн камтыйт.

     

 

Коомдук, гуманитардык жана медициналык багыттагы 16 миң аталыштагы мезгилдүү жана сурамжылоочу басылмаларды камтыган, 11 маалымат базасынан турган EBSCOэлектрондук маалымат базасы eIFL.Direct проектисинин алкагында Кыргызстанга сунушталып колдонуу мүмкүнчүлүгү ачылган.
Паролу менен

     

 

Укук боюнча маалыматтардын топтому. Бул ченемдик укук актысы жана ченемдик техникалык документердин тексттерин, мыйзам чыгаруу үчүн түшүндүрмөлөрдү, Жогорку соттун чечимдерин, сот тажрыйбаларынын серептерин жана башка маалыматтарды камтыйт.