Пландар жана статистикалар
 

 

КЫРГЫЗ-ТҮРК “МАНАС” УНИВЕРСИТЕТИ
КИТЕПКАНА ЖАНА ИШ КАГАЗДАР БАШКАРМАЛЫГЫ
2023-2024 ОКУУ ЖЫЛЫНЫН ИШ ПЛАНЫ

Датасы Аткарылуучу иштер
Сентябрь 2023
  • Окуучуларды каттоонун башталышы. Студенттер иштери башкармалыгынан студенттердин маалыматтарынын алынышы, китепкана автоматизация программасына өткөрүлүшү.
  • Биринчи семестр үчүн окуу китептеринин берилиши.
  • Студенттерге маалымат берүү, тааныштыруу, жол көрсөтүү иш-аракеттери.
Октябрь 2023
  • Окуу китептеринин семестрлик таратылышы.
  • Студенттерге маалымат берүү, тааныштыруу, жол көрсөтүү иш-аракеттери.
  • Материал топтоо календарына карата бөлүмдөрдөн келген талаптардын топтолушу, текшерилиши, китеп алуу комиссиясынын жыйналышы, чечимдин кабыл алынышы жана ректоратка жөнөтүлүшү.
  • Абалы начар китептердин оңдолушу.
Ноябрь 2023
  • Студенттерге маалымат берүү, тааныштыруу, жол көрсөтүү иш-аракеттери.
  • 2024-жылдын биринчи жарым жылдыгы үчүн мезгилдүү басылмаларга жазылуу (Китеп комиссиясынын чечими менен).
  • Бөлүмдөрдөн талап кылынган китептердин сатылып алынуусу (Китеп комиссиясынын чечими менен).
Декабрь 2023
  • Студенттерге маалымат берүү, тааныштыруу, жол көрсөтүү иш-аракеттери.
  • Биринчи семестр үчүн таратылган окуу китептеринин кайра алынышы.
  • Китепкананын жалпы тазалыгы жана оңдоп-түзөө иштери.
  • Жылдык отчеттун даярдалышы.
Январь 2024
  • Экинчи семестр үчүн окуу китептеринин тараталышы.
  • Биринчи семестр үчүн берилген китептердин кайра алынышы.
  • Бөлүмдөрдөн талап кылынган китептердин сатылып алынышы (китеп комиссиясынын чечими менен).
Февраль 2024
  • Айрылган китептердин оңдолушу.
  • Мурдагы жылы жазылган илимий журналдардын бардык сандарынын топтолуп оңдолушу.
Март 2024
  • Китепканага карыз болгон студенттер менен иш алып баруу
Апрель 2024
  • Материал топтоо календарына карата бөлүмдөрдөн келген талаптардын топтолушу, текшерилиши, китеп алуу комиссиясынын жыйналышы, чечимдин кабыл алынышы жана ректоратка жөнөтүлүшү.
Май 2024
  • 2024-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн мезгилдүү басылмаларга абонент болуу (китеп комиссиясынын чечими менен).
  • Бөлүмдөрдөн талап кылынган китептердин сатылып алынышы (Китеп комиссиясынын чечими менен).
Июнь 2024
  • Экинчи семестр үчүн берилген китептердин кайра алынышы.
  • Китепканага карыз болгон студенттер менен иш алып баруу.
  • Саноо комиссиясынын түзүлүшү, китепкана материалдарынын саналышы.
  • Саноодо табылган айрык китептердин оңдолушу.
Июль 2024
  • Саноонун жыйынтыкталышы, Ректоратка отчет менен маалымат берүү.
  • Китепкананын жалпы тазалыгы жана оңдоп-түзөө иштери.
Август 2024
  • Жаңы окуу жылы үчүн даярдыктар.
 
Күн сайын аткарылуучу иштер
  • Китеп берүү жана алуу иши.
  • Жаңы келген материалдарды каталогго киргизүү жана колдонууга берүү.
  • Мезгилдүү басылмаларды эсептөө жана библиографияларды каттоо.
  • Веб баракчасын жаңылоо, системдик кызматтар, автоматизация программасынын архивделиши жана каралышы.
  • Текчелердеги китептерди түздөө.
  • Интернет сервиси.
  • Кеңеш берүү.
  • Ксерокөчүрмө кызматы.
  • Электрондук китептерди даярдоо, маалымат базага жүктөө.
  • Диссертацияларды, макалаларды антиплагиат программасынан өткөрүү.
  • “Илимий иштер каталогуна” илимий материалдарды киргизүү.
  • “Авторлор” базасына авторлордун өмүр баяндарын киргизүү.