Долбоордун алкагындагы маалымат базалар
 

 

 

AGORA – айыл чарбасына жана ага жакын тармактардан болгон: биологиялык жана коомдук илимдер, айлана-чөйрө жана жаратылыш боюнча илимий журналдардын толук текстеринин жалпы электрондук базасынан бекер пайдаланууну камсыздайт. AGORA – бүткүл дүйнөгө таанымал: Blackwell Publishing, Kluwer Academic Publishers, Lippincott, Oxford University Press, Springer-Verlag, Elsevier басылмаларынын 500дөн ашык журналдары менен камсыздайт.
Паролу менен

     

 

HINARI программасы, саламаттык жана биомедицина тармактары боюнча дүйнөлүк жыйнактардын, адабияттардын жеткиликтүүлүгүн камсыз кылат. Маалымат базада 14000 журнал (30 ар кайсы тилде жарыяланган) 46000ге жакын электрондук китептер, 70ге жакын ар кандай маалымат ресурстары бар. Аталган маалымат ресурстары 100дөн ашык өлкөнүн илимпоздору үчүн колдонууга ачык.
Паролу менен

     

 

OARE - биология, биотехнология, генетика, ботаника, өсүмдүктөр, климатология, метеорология, экология, энергия, чөйрө химиясы, жаратылыш ресурстары, чөйрө инжинериясы, география, миграция, жер илими, суу, зоология, жаныбарлар ж.б. тармактарды ичине камтыйт жана 100 өлкөдөн келген 5710 ашык илимий жана пуллицистикалык журналдар бар.
Паролу менен

     

 

ARDI (The Access to Research for Development and Innovation) – инновациялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү программасы WIPO (World Intellectual Property Organization) тарабынан жөнгө салынып илимий-техникалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. ARDI маалымат базасында илимдин ар кайсы тармактарын камтыган 5100дөн ашуун журнал, 19000 электрондук китеп жана 20дан ашуун ар кандай маалымат ресурстары бар.
Паролу менен

     

 

GOALI - укуктук маалыматка глобалдык онлайн мүмкүндүк алуу, өнүгүп келе жаткан мамлекеттерде бекер же арзан баада укуктук изилдөө жана окутуу программасы болуп эсептелет.
Паролу менен

     

 

“Edward Elgar Journals & eBooks” маалымат базасында укук, экономика, менеджмент жана лидерлик багытында 5 илимий журнал (Journal of Human Rights and the Environment, Queen Mary Journal of Intellectual Property, Review of Keynesian Economics, European Journal of Economics and Economic Policies, Leadership and the Humanities темаларда) жана финансы, инновациялык өнүгүү, корпоративдик башкаруу, саламаттык сактоо, миграция, интеллектуалдык менчик укугу, укук реформасы ж.б.у.с. багыттарда 187 электрондук китептер бар.

     

 

E-Duke Journals Scholarly Collection” маалымат базасында Дуке университетинин гуманитардык жана социалдык илим тармагындагы 44 аталыштагы журналдарды камтыйт.

     

 

«Sage Journals» маалымат базасында бизнес, гуманитардык жана социалдык, техникалык жана медицина илим тармактары боюнча 824төн ашуун журнал бар.

     

 

IMechE журналдар 1847-жылдан бүгүнкү күнгө чейин инженердик бардык аспектилерин камтыйт. Машина куруу комплексинде кобүрөөк жарыктын тереңдигин сунуш кылуу үчүн ар бир башка 18 журнал, анын ичинде IMechE тин 16 илимий эмгектери техниканын белгилүү бир аймагына арналган.

     

 

Физика Институтунун маалымат базасы 42 аталыштагы журналдарды камтыйт. Физика Институтунун бардык журналдарына, 10 жылдык архиви менен, катталган уюмдар онлайн аркылуу кошумча төлөмсүз кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Негизги функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнүн арасында - өз алдынчалуулук каражаттарын өнүктүрүү жана мультимедиа менен HyperCiteTM технологиясынын өзүнчө мүмкүнчүлүгү да каралган. HyperCiteTM технологиясы колдонуучуларга тандалган макалаларга цитата келтирет же цитата келтирилген жерлерин табууга мүмкүнчүлүк берет. Бул каражат INSPEC маалымат базасына жана Los-Alamos e-print server электрондук басылмаларга окшогон сырткы ресурстардагы маалымат таянычтарын шилтемелеп көрсөтүү менен бирге, көптөгөн басылмалардын онлайн журналдарына кирип көрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

     

 

Mathematical Science Publishers (MSP). маалымат базада математика тармагындагы рецензияланган 17 журналды камтыйт.

     

 

Oxford University Journals, искусство жана гуманитардык илимдер, укук, медицина жана саламаттыкты сактоо, коомдук илимдер, математика ж.б. тармагындагы 260 изилдөө журналына байланыш ачылды.

     

 

De Gruyter Journal Collection, илимий изилдөөлөрдүн бардык багыттарын камтыган 210дон ашык журналдарга мүмкүнчүлүк берет: прикладдык илимдер, бизнес жана менеджмент, гуманитардык илимдер, укук, медицина жана саламаттыкты сактоо, математика, коомдук илимдер жана башкалар

     

 

Royal Society Journals Collection - маалымат базада физика жана биология тармагындагы 11 журналдын толук текстин 1665-жылдан берки номерлери менен камтыйт.

     

 

OpenEdition коомдук жана гуманитардык илимдердеги илимий маалымат кызматынын комплекстүү санариптик инфраструктурасы.