nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

27.09.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2016-жылдын 1-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.

Борбордук китепкана:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 12:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат).

Ч. Айтматов атындагы Окуу Зал:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: Дем алыш

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 01.10.2016 – 01.06.2017 күндөрүнө тийиштүү;
* С. Жигитов атындагы жана Даярдоо курсунун (Башкы имарат) окуу залдары академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.

25.05.2016

     Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын жана окуу залдарынын иштөө убактысы 30.05.2016 күнүнөн баштап жайкы мезгилге өтөөрүн билдиребиз.

Иштөө убактысы:
Дүйшөмбү-Жума: 08:30-17:30
Ишемби- Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Эс алуу.

06.05.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “research4life” проектиси аркылуу “ARDI” маалымат базасына 2020-жылдын 31-декабрына чейин байланыш ачылды. ARDI (The Access to Research for Development and Innovation) – инновациялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү программасы WIPO (World Intellectual Property Organization) тарабынан жөнгө салынып илимий-техникалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. Ачык байланышта болгон ARDI маалымат базасында 500дөн ашуун мекеменин 5100дөн ашуун журнал, 19000 электрондук китеп жана 20дан ашуун ар кандай маалымат ресурстары бар. ARDI маалымат базасы Elsevir, Springer, Royal, Sage ж.б.у.с басмаларды камтыйт. “research4life” проектиси “HINARI”, “AGORA”, “OARE” маалымат базаларын да камтыйт жана бул маалымат базалары да университетибизге ачылган.