nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

03.04.2019

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2019-жылдын 01 майына чейин "Emerald" маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды. "Emerald" маалымат базасында бухгалтерия, каржы жана экономика, бизнес, башкаруу жана стратегия, билим берүү, адам ресурстары, окутуу жана биримдерди уюштуруу, саламаттыкты сактоо жана коомдук коопсуздук, маалымат жана билим, менеджмент, маркетинг, амалдар, логистика жана сапат, мүлктү башкаруу жана жасалма жол менен курулган айлана чөйрөнү башкаруу, коомдук саясат жана экологиялык менеджмент, туризм жана мейманкана иштетүү, инженерия, китепканачылык темасында 310 электрондук журнал, 2000ден ашык электрондук китептерди жана 1600 окутуу материалын камтыган жыйнактар бар.

Маалымат базасы бул жерде (www.emeraldinsight.com/)

15.01.2019

       Урматту окурмандар! Китепканабыз тарабынан жүргүзүлүп жаткан онлайн анкетабызга катышууңузду суранабыз. Анкетабызга http://yordam.manas.edu.kg адресиндеги электрондук каталогубуздан “Отурум ачып” катышсаңыз болот.
Толук маалымат алуу үчүн китепканачыларга кайрылыңыздар.

02.05.2018

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “CAB Direct” маалымат базасына 31.05.2017 күнүнө дейре убактылуу байланыш ачылды. “CAB Direct” маалымат базасы - CABI (Centre for Agriculture and Biosciences International) компаниясына тийиштүү Айыл чарба, ветеринария, мал чарбачылыгы, экология ж.б.у.с. темалардагы 11 миллион библиографиялык маалыматты, 340 миңден ашык толук тексттүү макалаларды камтыган база. “CAB Direct” маалымат базасы - “CAB ABSTRACTS”, “CABI Full Text”, “Animal Health and Production Compendium (AHPC)”, “Vet-Med Resources” сыяктуу базаларды камтыйт.
Маалымат базаны бул жактан колдонсоңуз болот.
Негизги CABI таанытуу слайды.
Vet-Med Resources таанытуу слайды.