nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

12.10.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибизге 17.10.2016-17.11.2016 күндөрү үчүн “Communication Source”, “Political Science Complete (PSC)”, “Middle Eastern and Central Asian Studies”, “One Belt One Road Reference Source” маалымат базаларына сыноочу байланыш ачылды.
Communication Source” - EBSCO илимий маалымат базасынын башкаларында жолукпаган 800-дөн ашуу аталыштар, анын ичинде 150 толук тексттүү аталыш, 600-дөн көп активдүү толук тексттүү аталыштар жана бар. 1000 аталышта индекстөө жана шилтеме маалымат кездешет. 
Political Science Complete (PSC)”, Толук тексттүү макалалардын кыскача мазмуну менен бирге 2500 журналды (жогорку деңгээлде бааланган илимий журналдарды дагы) камтыйт. Булардын көбү бул жыйнакта колдонулат, мисалы: British Politics, Ethnopolitics и Journal of Women, Politics & Policy. “Middle Eastern and Central Asian Studies”, Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, жана Түндүк Африканын маданияты жана саясаты жөнүндө журналдар, газета макалалары, китептер, изилдөөлөр жана баяндамалар үчүн көрсөткүчтөрдү камсыз кылат. School of Oriental & African Studies (SOAS) Library Catalogue (1900-present), Middle East Bibliography (1946-2001), Middle East Book Bibliographies, Theses & Dissertations and MECAS Citations Database’ ди биргелештирген Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азиянын ар кандай предметтери үчүн баалуу булак болуп эсептелет. 
One Belt One Road Reference Source”, Салттуу Жибек Жолу кошмо мамлекеттери эсептелген: Борбордук жана Түштүк-Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европа ошондой эле порт соода жолдору байланышкан өлкөлөрдөгү эл аралык соода саясаты, түзүлүшү, туруктуу өнүгүүсү, экологиялык инженериясы, эл аралык байланыш боюнча маалыматтарды камтыйт. Жыйнак алгачкы соода жолдорунун тарыхый маанисин баалаганга жана азыркы пайдалар менен салыштырууга, One Belt One Road (бир белбоо бир жол) демилгесин колдогон 65 өлкөнүн элин, маданиятын, экономикасын аныктоого мүмкүндүк берет. Жыйнактагы тийиштүү материалдар ондогон өлкөлөрдөн чогултулган, анын ичинде: Кытай, Россия Федерациясы, Иран, Румыния, Туркия, Чех Мамлекети, Пакистан, Литва, БАЭ жана башка көптөгөн мамлекеттер. 

Маалымат базаларды EBSCOHost маалымат базасына кирип колдонсоңуз болот.

11.10.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2016-жылдын 10 октябрындан баштап 10-декабрына чейин “Emerald” маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды. 
Emerald маалымат базасында эсеп, финансы, экономика, ишкердик, менеджмент, билим берүү, адам ресурстарын башкаруу, уюштуруу изилдөөлөрү, ден-соолук жана коомдук камсыздык, маалыматтык башкаруу, маркетинг, ишмердүүлүк, логистикалык жана сапаттуулук, экологиялык менеджмент, мамлекеттик башкаруу, туризм, инженердик жана китепкана темасында жалпы 305 журнал бар. 
Маалымат базасы бул жерде (http://emeraldinsight.com)

30.09.2016

     Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын электрондук каталогунун мобилдик версиясы жаңыланды. Мобилдик телефонуңуздан Play Market же AppStorга кирип “Cep Kütüphanem” программасын жүктөп алсаңыз болот. Бул программа аркылуу, каталогдон китеп издөө, кезекке туруу, алган китептердин мөөнөтүн узартуу, китепканадан билдирүүлөрдү алуу, электрондук китептерди окуу ж.б.у.с. кызматтардан пайдалана аласыз. Программа түрк, англис, кыргыз, орус тилдеринде иштейт. Бул программаны колдонуунун кыскача слайдын китепканабыздын веб баракчасындагы “Кошумча маалыматтар” бөлүмүндөн алсаңыздар болот.