nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

15.02.2016

     Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын электрондук каталогунун мобилдик версиясы иштей баштады. Мобилдик телефонуңуздагы Play Market же AppStor дан“Cep Kütüphanem” деп издөө жүргүзүп, программаны жүктөп алсаңыз болот. Бул программаны колдонуунун кыскача слайдын китепканабыздын веб баракчасындагы “Кошумча маалыматтар” бөлүмүндөн алсаңыздар болот.

11.02.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн жыл сайын жазылган илимий журналдардын бардык сандары (1999-жылдан баштап) мукабаланып С. Жигитов атындагы окуу залында жайгаштырылган.
Бул журналдардын тизмесин бул жерден көрсөңүздөр болот. Мындан тышкары бул журналдардын бардык сандарындагы макалалардын библиографиялык маалыматы http://yordam.manas.edu.kg адресиндеги электрондук каталогубузга киргизилген.

Электрондук каталогубуздан макала издөө туралуу толук маалыматты китепканабыздан алсаныздар болот.

11.02.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн «IOP Science» маалымат базасына 31.12.2016 мөөнөтүнө чейин байланыш ачылды. «IOP Science»маалымат базасында физика институту тарабынан жарыкка чыккан 45 аталыштагы илимий журналдар бар.
Маалымат базасы бул жерде.