nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

15.01.2015

     Урматтуу окурмандар! Университетибизде 2015-жылдын 15-февралына чейин “Credo Online Reference Service” электрондук маалымат базасы колдонууга ачылды. Бул маалымат базада 600 электрондук китеп бар. Китептер 80 басмаканада жарыяланган. Алардын ичинде Elsevier, Routledge, SAGE, Wiley-Blac жана Cambridge University Press сыяктуу басмаканалар да бар.
Бул маалымат базада искусство, бизнес, билим берүү, тамактануу жана суусундуктар, география, тарых, тил, укук, адабият, медицина, музыка, философия, социология, психология, дин таануу, технология тармактары менен биргеликте атлас, биография хронология, сөздүктөр, энциклопедия, сурамжылоо, саякат, сүрөттөр топтому, цитаталар, статистикалар боюнча да маалыматтар камтылган.
Маалымат базасы бул жерде.

25.12.2014

     Урматтуу окурмандар, китепканабыздын 2015-жыл январь айындагы иштөө убактысы төмөндөгүдөй экендигин билдиребиз:
Борбордук китепкана (Жаңы студенттик жатаканадагы)
2015-жылдын 01-январында: Эс алуу
2015-жылдын 02-03-январында: 11:00-22:00
2015-жылдын 04-январында: 11:00-20:00
2015-жылдын 05-09-январында: 8:30-22:00
2015-жылдын 10-январында: 11:00-22:00
2015-жылдын 11-январында: Эс алуу
2015-жылдын 12-31-январында:
Дүйшөнбү-Жума 08:30-17:30;
Ишемби, жекшемби: Эс алуу.

Ч. Айтматов атындагы окуу залынын иштөө убактысы:
2015-жылдын 01-январында: Эс алуу
2015-жылдын 02-03-январында: 11:00-22:00
2015-жылдын 04-январында: Эс алуу
2015-жылдын 05-09-январында: 8:30-22:00
2015-жылдын 10-январында: 11:00-22:00
2015-жылдын 11-январында: Эс алуу
2015-жылдын 12-31-январында:
Дүйшөнбү-Жума 08:30-17:30;
Ишемби, жекшемби: Эс алуу.

Даярдоо курсу окуу залынын (башкы имараттагы китепкана) жана С. Жигитов атындагы окуу залынын иштөө убактысы:
2015-жылдын 01-04-январында: Эс алуу
2015-жылдын 05-31-январында:
Дүйшөнбү-Жума 08:30-17:30;
Ишемби, жекшемби: Эс алуу.

2015-жылдын 1-февралынан баштап китепканалардын иштөө убактысы академиялык мезгилге өтөт.

22.12.2014

     Урматтуу окурмандар! 2015-жылдын 1 январынан баштап, 2017-жылдын 31 декабрына чейин IMF eLibrary (Эл аралык валюталык фондунун маалымат базасы) электрондук маалымат базасы ачылды. Бул маалымат базадан макроэкономика, ааламдашуу, өнүгүү, соода-сатык, техникалык жардамдар, демография, базардын өнүгүшү, саясат суроолоруна кеңештер, жакырчылыкты жоюу жана башка көптөгөн маалыматтарды тапсаңыздар болот. IMF маалымат базасында 14000 миңден ашык статистикалык маалыматтар жарыяланган.
Маалымат базасы бул жерде.