nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

23.04.2014

     Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын автоматташтырылган программасында окурмандардын gmail.com э-почтасына китепканабыздан үйгө берилген китептерди кайра өткөрүү жөнүндөгү жөнөтүлгөн эскертүү билдирүүлөрүбүздү gmail.com сервери спам деп кабыл албай жатат. Ошондуктан китепнадабыздын автоматташтырылган программасында каттаткан gmail.com э-почтаңызды алмаштырууңуз керек (эң жакшысы университетибиздин manas.edu.kgэ-почтасын колдонууңуз). Бүгүндөн баштап китепканабыздын автоматташтырылган программасындан gmail.com э-почта адрестери өчүрүлөт. Э-почтаңызды алмаштыруу үчүн, Борбордук китепкана (Телефон ички номери 1717, 1710,1709), Ч. Айтматов окуу залы (Телефон ички номери 1685), Даярдоо Курсу окуу залы (Телефон ички номери 1002) чалсаңыз болот же http://yordam.manas.edu.kg/ адресиндеги электрондук каталогубуздан “Отурум ачып” жеке маалыматтарым бөлүмүндөн өзүңүз алмаштырсаңыз болот.

24.03.2014

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз колдонуп жаткан JSTOR электрондук маалымат базасын, “Кыргыз виртуалдуу илимий китепканасы” (ВИК) (VSL Kyrgyzstan - Virtual Science Library) (http://www.kyrgyzstanvsl.org) электрондук маалымат базасы аркылуу да колдонууга шарт түзүлдү. JSTOR маалымат базасын VSLдин университеттен тышкары байланышуу (Узактан байланышуу) кызматы аркылуу да колдоно аласыздар.

04.03.2014

     Урматтуу окурмандар! Китепканабыз тарабынан жазылган “Library of KTMU Electronic Books” электрондук китептердин маалымат базасы “Manas ELibrary”деген аталышта жаңыланды. Маалымат базадагы эски версияда жайгашкан материалдарды жүктөө менен бирге күнүгө жаңы китептер менен жаңыланууда. Маалымат базада китеп издөө, темаларга жараша категория тандоо мүмкүнчүлүктөрү бар. Маалымат база 3 тилде (кыргызча, түркчө, орусча) иштейт. Маалымат база университеттин тышында иштебейт. Колуңузда бар болгон жана студенттердин окуусуна керектүү деп саналган электрондук китептериңизди маалымат базанын ылдый жагындагы “Китебиңизди жүктөңүз” деген жерден китепканага жөнөтө аласыздар. Китепкана адистери сиз жөнөткөн китептерди классификациялап, маалымат базасына жайгаштырат. Маалымат базасына китепканабыздын веб баракчасынан же бул адрестен http://elib.manas.edu.kg байланыша аласыздар.