nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

27.02.2014

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз көп убакыттан бери колдонуп келе жаткан “Кыргыз виртуалдуу илимий китепканасы” (ВИК) (VSL Kyrgyzstan - Virtual Science Library) (http://www.kyrgyzstanvsl.org) аттуу электрондук маалымат базасы университеттен тышкары байланышуу (Узактан байланышуу ) кызматын көргөзө баштады. Бул кызматтан колдонуу үчүн жогоруда көрсөтүлгөн адрестен мүчө болуу бланкасын толтуруу керек. Бул бланканы туура, толук толтуруу жана сөзсүз түрдө университетибиздин атын жазуу абзел. Маалымат базанын өкүлдөрү китепканадан мүчө болгон колдонуучунун университеттин жааматына байланышы бар болгондугу тууралуу тастыктама алгандан кийин гана толук мүчөлүгүңүз ишке ашат. VSL Kyrgyzstan маалымат базасы 16 миллиондон ашык толук тексттүү илимий макалаларды, 47 миңден ашык электрондук китептерди, 16000 журналдарды камтыйт.

VSL Kyrgyzstan маалымат базасы камтыган булактар:
• Ачык жеткидеги журналдардын директориясы; 
• Research4Life (HINARI, AGORA, OARE) журналдары; 
• Arxiv.org; 
• Калифорния техникалык Университетинин репозиторийи; 
• Citeseer; 
• Cogprints Eprints; 
• High Wire Press; 
• "Lund" шаарынын Университетинин илимий изилдөөлөрүнүн репозиторийи; 
• "Ghent" шаарынын Университетинин илимий изилдөөлөрүнүн репозиторийи; 
• Гутенберг долбоору.

24.02.2014

     Урматту окурмандар! HiperKitap түркчө электрондук китеп маалымат базасына 24.03.2014 күнүнө дейре байланыш ачылды. HiperKitap маалымат базасына EBSCOHost аркылуу кирет.

26.12.2013

     Урматтуу окурмандар, китепканабыздын 2014-жыл январь айынын иштөө убактысы төмөндөгүдөй экендигин билдиребиз:

Жал кампусундагы Борбордук китепкана (жаңы студенттик жатаканадагы) жана Ч. Айтматов атындагы окуу залынын иштөө убактысы:

2014-жылдын 01-02 январында: Эс алуу;
2014-жылдын 03-04 жана 06-07 январында: 11:00-19:00;
2014-жылдын 05 январь Жекшемби күнү: Эс алуу.
(Бул күндөрү компьютердик жана окуу залдары гана иштейт. Ксерокопия жана абонемент кызматы иштебейт).

2014-жылдын 08-12-январында:
Дүйшөнбү-Жума 08:30-20:00;
Ишемби 11:00-20:00;
Жекшемби: Эс алуу.

2014-жылдын 13-31-январда:
Дүйшөнбү-Жума 08:30-17:30;
Ишемби, Жекшемби: Эс алуу.

Даярдоо курсу окуу залынын (башкы имараттагы китепкана) иштөө убактысы:

2014-жылдын 01-07 январында: Эс алуу.

2014-жылдын 08-12-январында:
Дүйшөнбү-Жума 08:30-20:00;
Ишемби 11:00-20:00;
Жекшемби: Эс алуу.

2014-жылдын 13-31-январда:
Дүйшөнбү-Жума 08:30-17:30;
Ишемби-Жекшемби: Эс алуу.

2014-жылдын 1-февралынан баштап китепканалардын иштөө убактысы академиялык мезгилге өтөт.