nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

14.02.2022

       Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2022-жылдын 14-февралдан баштап кайрадан Aкадемиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.

Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 14:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);

Проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00 (17:30-20:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби - Жекшемби: Дем алыш.

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 11.10.2021 – 31.05.2022 күндөрүнө тийиштүү;
* Даярдоо курсунун (Башкы имарат), Адвокат Бахаттин Жейлан атындагы (Экономика жана башкаруу факультетинин имараты) жана проф.,докт. Анварбек Мокеев атындагы (Коммуникация факультетинин имараты) окуу залдары академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.

02.02.2022

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 31.12.2022 мөөнөтүнө чейин “Oxford University Journals” жана 31.12.2024 мөөнөтүнө чейин “De Gruyter Journal Collection” электрондук маалымат базаларына байланыш ачылды.
Мындан тышкары “Taylor and Francis Journals Online” жана “Jstor” электрондук маалымат базаларына 2022-жыл үчүн байланыш уланууда.
Маалымат базалар туралуу толук маалыматты китепканабыздын веб баракчасындагы “Электрондук китепкана” бөлүмүнөн ала аласыздар.
Баардык маалымат базаларга университеттин тышынан VETİS системасы аркылуу байланыша аласыздар.

26.11.2021

       Урматтуу окурмандар, 23-25-ноябрь күндөрү китепканабыз тарабынан университетибиздин даярдоо курсунда окуп жаткан студенттерге китепканабызды таанытуу семинарлары өткөрүлдү. Семинарда “Жаңы версияга өткөн электрондук каталогду колдонуу”, “Электрондук каталогдон жеке отурум ачуу”, “Мобильдик китепкана”, “Электрондук булактарды колдонуу”, “Китепкананын эрежелери” ж.б. темалар сунулду.
Даярдоо курсунун студенттерине ийгиликтерди каалайбыз!
Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы

26.10.2021

       Урматтуу колдонуучулар, Токтом маалымат-укуктук тутумунун жаңы 5.0 версиясы чыккандыгына байланыштуу программаны кайра орнотушуңуз керек.
Орнотуу боюнча колдонмо.

17.03.2021

       Урматтуу окурмандар! 2021-жылдын 23-Март күнү саат 10:30 жана 16:00 до, 25-Март күнү да саат 10:30 жана 16:00 до китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы тарабынан “Китепкана электрондук маалымат булактарын колдонуу (Электрондук каталог, VETİS - Электрондук маалымат базаларга университеттин тышынан байланышуу, Мобилдик китепканам)” темасында онлайн семинар өткөрүлөт.
Семинардын адреси: https://meet.google.com/jqs-ertm-ajh
Суроолор үчүн Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгына же Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. адресине кайрылыңыздар.