nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

27.05.2024

       Урматтуу окурмандар! 2024-жылдын 1-июнунан баштап бардык китепканалардын жана окуу залдардын иштөө убакыттары жайкы мезгилге өтөт.

Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30;
Ишемби – Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Дем алыш.

23.05.2024

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “LEHÇEDİZ сөздүгүнө” байланыш ачылды. “LEHÇEDİZ сөздүгүндө” түрк адабиятынын бардык тарыхый жана заманбап тексттерди, түрк дүйнөсү адабиятынын маанилүү болгон тексттери боюнча маалыматтарды сунуш кылган ар тараптуу маалымат базасы. Бардык тексттердин ар бир сөзү жана сөз топтору өзүнчө чечмеленип топтоштурулган.
       Эми калың сөздүктөрдү ташыбай, илим изилдөөлөрү үчүн миңдеген барактарды которбостон секундада изилдөөлөргө тыянак чыгарууга болот. Интернетке кирүү тутуму аркылуу илимий китеп же макала үчүн миңдеген маалыматтарды алууга болот. Тарых, түрк тили жана адабияты, түркчө, азыркы түрк диалектери, китепкана ж.б. бөлүмдөр жана тексттер боюнча изилдөөгө муктаж болгон бардык бөлүмдөрдүн бирден-бир булагы.
“LEHÇEDİZ сөздүгүнө” бул даректен байланыша аласыз.
Таанытуу китепчеси...

20.12.2023

       Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын иш сааты жыл башында төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт.
• Борбордук китепкана
   - 30.12.2023 саат 14:00-20:00 арасында гана иштейт (Окуу залдары гана иштейт, абонемент кызматы жабык)
   - 31.12.2023-02.01.2024 күндөрү иштебейт.
   - 03.01.2024-07.01.2024 күндөрү саат 14:00-20:00 арасы иштейт (Окуу залдары гана иштейт, абонемент иштебейт).

• Калган китепканалар жана окуу залдары
   - 30.12.2023-07.01.2024 күндөрү иштебейт.

• 30.12.2023-07.01.2024 күндөрү өткөрүлө турчу китептер 08.01.2024 күнүнө дейре узартылды.
• 08.01.2024-19.01.2024 күндөрү китепканалардын иш сааты мурда бекитилген академиялык убакыт боюнча уланат.
• 20.01.2024-31.01.2024 студенттердин кышкы каникулу убагы болгондугуна байланыштуу Борбордук китепкана менен проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана төмөндөгүдөй иш саатына өтөт:
   Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30
   Ишемби – Жекшемби: Дем алыш
• 01.02.2024 күнүнөн баштап кайрадан академиялык иш саатына өтөт.
Урматтообуз менен китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы.