nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

28.09.2026

       Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2026-жылдын 01-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.

Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 14:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);

Проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00 (17:30-20:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби - Жекшемби: Дем алыш.

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 01.10.2026 – 31.05.2027 күндөрүнө тийиштүү;
* Даярдоо курсунун (Башкы имарат), Экономика жана башкаруу факультетинин имараты жана Проф.,докт. Анварбек Мокеев атындагы (Коммуникация факультетинин имараты) окуу залдары академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.

01.06.2026

       Урматтуу окурмандар! 2026-жылдын 1-июнунан баштап бардык китепканалардын жана окуу залдардын иштөө убакыттары жайкы мезгилге өтөт.

Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30
Ишемби – Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Дем алыш

18.05.2026

       Урматтуу окурмандар! 2026-жылдын 25-29-май күндөрү университетте эс алуу күн болуп кабыл алынгандыгына байланыштуу, бул күндөрү баардык китепканалар иштебейт. Аталган күндөрү өткөрүлө турчу китептердин мөөнөтү 01.06.2026 күнүнө чейин узартылды.

Урматтообуз менен китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы.

30.05.2026

       Урматтуу окурмандар! 2026-жылдын 1-9-май күндөрү университетте эс алуу күн болгондугуна байланыштуу, 2-4, 6-8 жана 10-май күндөрү Борбордук китепкана гана саат 14:00-20:00 арасы иштейт (Окуу залдары гана ачык болот, окурмандарга үйгө китеп берилбейт). Калган китепканалар 1-10-май күндөрү иштебейт. Бул күндөрү өткөрүлө турчу китептер 11.05.2026 күнүнө дейре узартылды.

Урматтообуз менен китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы.

06.04.2026

       Кыргыз-Түрк “Манас” университетинде 62-Китепкана жумалыгы “Өнүктүрүүчү жана шыктандыруучу китепкана” темасынын алкагында ар түрдүү иш-чаралар менен белгиленди. Окуу маданиятын жайылтууга багытталган бул программанын алкагында 2025-жылдын сентябрь айынан 2026-жылдын март айына чейин эң көп китеп окуган студенттерди сыйлоо аземи өттү.
       Китепкана жана иш кагаздар башкармалыгынын маалыматы боюнча, төмөнкү студенттер алдыңкы орундарды ээлешти: Малика Манакбаева (44 китеп); Луиза Абдикамилова (43 китеп); Айпери Абдрасулова, Каныкей Масеитова жана Жумабек Алыбаев (41ден китеп); Назарбек Пазилов (40 китеп).
       Сыйлоо аземинен кийин Алыкул Осмонов атындагы Кыргыз Республикасынын Улуттук китепканасынын директору Элдар Аттокуровду КТМУнун ректору, профессор Алпаслан Жейлан кабыл алды. Жолугушуунун жүрүшүндө университет тарабынан кыргыз жана түрк тилдеринде жарык көргөн илимий-адабий эмгектер Улуттук китепканага белек катары тапшырылды.
       Китепкана жумалыгынын алкагында “Бир китеп – бир келечек” урааны менен балдар үчүн китеп чогултуу акциясы уюштурулду. Анын алкагында кыргыз, түрк, англис жана орус тилдериндеги балдар адабияттары топтолду.
       Чогулган китептер 2-апрель – Бүткүл дүйнөлүк балдар китептеринин күнүнө карата К. Баялинов атындагы Республикалык балдар жана жаштар китепканасына белекке берилди. Аталган китепкананын директору Роза Султангазиева “Манас” университетинин бул демилгеси китепкананын “Түрк дүйнөсүнүн балдар китептери” бөлүмүн байытууга чоң салым кошконун белгилеп, университет жетекчилигине терең ыраазычылык билдирди.