nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

23.05.2025

       Урматтуу окурмандар! 2025-жылдын 23-майынан тартып университетибиз үчүн “İntihal.net” системасына байланыш ачылды. Бул система аркылуу университеттин баардык колдонуучулары (студенттер дагы) макалалар, диссертациялар, дипломдук иштер, китептер жана башка илимий иштерди плагиаттан акысыз текшере алышат.

Системага бул жерден кире аласыз.

       Плагиаттан текшерүү ишин ар бир колдонуучу өзү жүргүзө алат. Бул үчүн университетибиздин @manas.edu.kg домениндеги корпоративдик электрондук почта дареги аркылуу катталуусу зарыл. Каттоо учурунда биздин университет тандалышы керек.

Колдонмо нускамасы жана таанытуу видеосу “İntihal.net” системасынын веб-сайтындагы “Документтер” бөлүмүндө жайгашкан.

29.04.2025

       Урматтуу окурмандар! 2025-жылдын 1-9-май күндөрү университетте эс алуу күн болуп кабыл алынгандыгына байланыштуу, 2-4, 6-8, 10-11-май күндөрү Борбордук китепкана гана саат 14:00-20:00 арасы иштейт (Окуу залдары гана ачык болот, окурмандарга үйгө китеп берилбейт). Калган китепканалар 1-11-май күндөрү иштебейт. Бул күндөрү өткөрүлө турчу китептер 12.05.2025 күнүнө дейре узартылды.

Урматтообуз менен китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы.

03.03.2025

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “ACM Digital Library” маалымат базасына байланыш ачылды.
Бул маалымат базасы ACM (Association for Computing Machinery) басылма платформасы болуп саналат жана жылына 200гө жакын конференция иш-чараларын, ошондой эле практикалык жана теориялык колдонмолорго арналган изилдөөлөрдү камтыган 70 жогорку таасирдүү, рецензияланган журналдарды камтыйт. Мындан тышкары, маалыматтык технологиялар жаатындагы ой жетекчилеринен макалалар, жаңылыктар жана пикирлер жарыяланган жети журналды да өзүнө камтыйт.
Маалымат базаны бул жактан колдонсоңуз болот.

03.02.2025

       Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2025-жылдын 03-февралынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.

Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 14:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);

Проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00 (17:30-20:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби - Жекшемби: Дем алыш

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 01.10.2024 – 31.05.2025 күндөрүнө тийиштүү;
* Даярдоо курсунун (Башкы имарат), Экономика жана башкаруу факультетинин имараты жана Проф.,докт. Анварбек Мокеев атындагы (Коммуникация факультетинин имараты) окуу залдары академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.

30.12.2024

       Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын иш сааты жыл башында төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт.
Борбордук китепкана жана проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана:
31.12.2024 саат 08:30-17:30 арасында гана иштейт;
01.01.2025-07.01.2025 күндөрү иштебейт.

08.01.2025-31.01.2025 күндөрү студенттердин кышкы каникулу убагы болгондугуна байланыштуу китепканалар төмөндөгүдөй иш саатына өтөт:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30;
Ишемби – Жекшемби: Дем алыш.

Калган китепкана жана окуу залдары 31.12.2024 саат 08:30-17:30 арасында гана иштейт.
01.01.2025-07.01.2025 күндөрү иштебейт.
01.02.2025 күнүнөн баштап китепканалар кайрадан академиялык иш саатына өтөт.

Урматтообуз менен китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы.