Максаты жана милдеттери |
МАКСАТЫ:
- Университеттин миссиясы жана милдетине ылайык окурмандардын ар кандай маалымат муктаждыгын канааттандыруу.
- Студенттердин билим алуу, илим изилдөө иштеринде активдүү роль ойноо.
- Университетибиздин максатына ылайык билим берүү жана илим изилдөө программаларын колдоо, окутуучу, студент жана илимпоздордун ар кандай илим изилдөө иштеринде керектүү маалымат булактарын топтоо жана камсыздоо.
- Маалымат камсыздоодо чек билбеген, убакыт менен жарышкан, дүйнөлүк баалуулуктарга ээ болгон заманбап жана кадыр-барктуу, маалымат жана үйрөнүү борбору болуу.
- Университетибиздин миссиясына ылайык билим берүү, илим изилдөө жана маалымат таратуу иштеринде заманбап технологияны колдонуу жана окурмандардын кызматына сунуу.
МИЛДЕТТЕР:
- Маалымат булактарын активдүү колдонууну камсыздоо.
- Керектүү маалыматты убагында камсыздоо.
- Окурмандардын ыраазычылыгын арттыруу.
- Жогорку кызмат түшүнүгүн үстөмдүк кылуу.
- Билим алуу жана илим изилдөөлөрдү колдоо.
- Сөз эркиндигине сый-урмат көрсөтүү.
- Окурмандардын муктаждыктарын биринчи орунга коюу.
- Башка мекемелер жана маалымат борборлору менен жакын кызматташтыкта болуу.
- Персонал арасында кесиптик жана социалдык биримдикти арттыруу.
- Персоналдын тынымсыз билим алуусу жана өсүшүн колдоо.
- Университетибиздин бардык бөлүмдөрү менен жакын кызматташтыкта болуу.
- Адилет башкаруунун түшүнүгүндө болуу.
- Коллектив менен чогуу иштөө.
- Бардык маалымат булактарына ээлик кылуу жана сактоо, коргоо.