nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

21.10.2026

       Урматтуу окурмандар! Университетибиздин окурмандары үчүн «Лань» электрондук китепкана системасына байланыш ачылды!
«Лань» - изилдөөчүлөр, окутуучулар жана студенттер үчүн иштелип чыккан заманбап электрондук китепкана системасы. Анда 403 университеттин жана көптөгөн алдыңкы басмаканалардын материалдары камтылган. Системада ар түрдүү тармактар боюнча 93 000ден ашуун окуу китептери, окуу куралдары, окуу-методикалык колдонмолор, монографиялар, лекциялардын курстары жана илимий журналдар сунушталат. Материалдар орус тилинде берилген.
«Лань» электрондук китепкана системасына бул шилтеме аркылуу кире аласыздар: https://e.lanbook.com/
Университеттин аймагында системага логин жана сырсөзсүз кирүүгө болот. Ошондой эле жеке каттоодон өтүү аркылуу университеттин аймагынан тышкары жерден да системаны пайдаланууга мүмкүнчүлүк бар.
Пайдалуу шилтемелер:
• Көп берилүүчү суроолорго жооптор
• Колдонуучулар үчүн кыскача нускамалар: окутуучулар үчүн жана студенттер үчүн.

12.10.2026

       Урматтуу окурмандар! 2026-жылдын 11-ноябрына чейин университеттин колдонуучулары үчүн EBSCO компаниясынын инженерия, математика жана табигый илимдер тармактарындагы билим берүү жана илимий изилдөөлөрдү колдоого арналган маалымат ресурстарына сыноочу байланыш ачылды.
Сыноочу байланыштын алкагында төмөнкү маалымат базалары жеткиликтүү:
1. Engineering Source - машина куруу, электротехника, курулуш, энергетика жана башка багыттар боюнча материалдарды камтыган инженердик дисциплиналар боюнча толук тексттүү маалымат базасы. Анда 1 493 толук тексттүү журнал жана тармактык басылмалар бар.
2. eBook EngineeringCore Collection - алдыңкы эл аралык басмаканалардын инженердик илимдер боюнча электрондук китептеринин адистештирилген жыйнагы. Инженериянын жана технологиялардын ар түрдүү багыттары боюнча 7 800дөн ашык электрондук китепти камтыйт.
3. Inspec with Full Text - IET (Institution of Engineering and Technology) уюму менен биргеликте түзүлгөн физика, электроника, электротехника, компьютердик илимдер жана машина куруу боюнча абройлуу маалымат ресурсу. Анда 1 367ден ашык активдүү толук тексттүү илимий журнал, ошондой эле Inspec маалымат базасынын уникалдуу индекстөө мүмкүнчүлүктөрү камтылган.
4. Mathematics Source - таза жана колдонмо математика, статистика жана математикалык моделдөө боюнча адистештирилген толук тексттүү маалымат базасы. Анда 816 активдүү толук тексттүү журнал жана мезгилдүү басылма бар.
Ресурстардын жалпы көлөмү: инженердик илимдер, математика, физика, маалыматтык технологиялар жана билимдин чектеш тармактары. Жыйнактар илимий журналдарды, мезгилдүү басылмаларды жана 7 800дөн ашык электрондук китепти камтыйт.
Кимдер үчүн: инженердик жана табигый илимдер багытындагы факультеттердин окутуучулары, илимий кызматкерлери жана студенттерине.

Кирүү шилтемеси: https://research.ebsco.com/c/jxjadt/?db=e230tww,egs,int,msf

06.09.2026

       Урматтуу окурмандар! Университет үчүн “Airisto.ai” платформасына 2026-жылдын 13-ноябырына чейин сыноочу байланыш ачылды.
Airisto - бул академиялык жазууда жасалма интеллекттин издерин аныктоочу жергиликтүү аныктоо куралы. Ал академиялык тексттерде адамдын эмгеги менен жасалган жана жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн мазмунду айырмалап, оригиналдуулукту көрсөтөт. Түркчө булактар менен үйрөтүлгөн күчтүү базасы аркылуу макала, диссертация, отчет жана баяндамаларда кеңири мазмундук талдоолорду жүргүзөт. Көп катмарлуу алгоритмдеринин жардамы менен тил түзүлүшүн, булактардын колдонулушун жана бөлүмдөрдүн тартибин баалап, деталдуу отчетторду берет. Университеттер, изилдөөчүлөр жана журналдар үчүн ишенимдүү чечим болуп саналган Airisto, рецензент жана редактор процессин тездетет. Академиялык иштин сапатын жогорулаткан Airisto - келечектеги академиялык дүйнөгө багыт берген жаңычыл колдоо платформасы.

Колдонуу чеги: Ар бир окутуучуга 4 талдоо укугу берилет.
Кирүү шилтемеси: www.airisto.ai
Кирүү ыкмасы: Институционалдык электрондук почтаңыз (manas.edu.kg) аркылуу катталуу/кирүү.
Нускама