nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

13.09.2023

       Урматтуу окурмандар! «Scopus» электрондук маалымат базасына байланыш ачылды Scopus – бул көп дисциплинардык библиографиялык жана абстракттуу маалымат базасы жана илимий журналдарда жарыяланган макалалардын шилтемелерин изилдөөчү курал. Scopus дүйнө жүзү боюнча 5 миң илимий басмаканалардын 18 миңден ашуун басылмаларын, анын ичинде 13 миллионго жакын патентти, ошондой эле илимий конференциялардын материалдарын камтыйт. Elsevier тарабынан иштелип чыккан жана колдоого алынган.

Электрондук маалымат базасын http://www.scopus.com дарегинен тапса болот.
Алыстан кирүү мүмкүнчүлүгүн каттоо боюнча нускамалар бул жерде.

09.06.2023

       Урматтуу окурмандар! 2023-жылдын 12-июнунан баштап бардык китепканалардын жана окуу залдардын иштөө убакыттары жайкы мезгилге өтөт.

Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30.
Ишемби – Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Дем алыш.

12.01.2023

       Урматтуу окурмандар! Студенттердин кышкы каникулу убагы болгондугуна байланыштуу 2023-жылдын 21-январынан 05-февралына дейре Борбордук китепкана менен проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана төмөндөгүдөй иш саатына өтөт.

Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30
Ишемби – Жекшемби: Дем алыш

06-февраль 2023 күнүнөн баштап кайрадан академиялык иш саатына өтөт.