| Сыноочу байланыш |
|
Piri Keşif Aracı - Университетибиз жазылган маалымат базаларын, ачык жеткиликтүү ресурстарды жана китепкананын электрондук каталогун бирдиктүү платформа аркылуу издөөгө мүмкүндүк берген академиялык издөө куралы. |
||
|
Piri AI - академиялык изилдөө, жазуу жана мазмун даярдоо процесстеринде жасалма интеллекттин мүмкүнчүлүктөрүн пайдаланууга шарт түзгөн платформа. Колдонуучу белгилеген темалар боюнча академиялык булактарды издеп, тиешелүү жарыяланган эмгектерди пайдалануу менен академиялык талаптарга ылайык материалдарды даярдоого жардам берет. |
||
|
LİBDİS - ар түрдүү академиялык жана тарыхый материалдар өзүнчө коллекцияларга топтолгон жана толук тексттерге жетүү мүмкүнчүлүгүн сунуштаган маалымат базасы. |
||
|
Airisto - бул академиялык жазууда жасалма интеллекттин издерин аныктоочу жергиликтүү аныктоо куралы. Ал академиялык тексттерде адамдын эмгеги менен жасалган жана жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн мазмунду айырмалап, оригиналдуулукту көрсөтөт. Түркчө булактар менен үйрөтүлгөн күчтүү базасы аркылуу макала, диссертация, отчет жана баяндамаларда кеңири мазмундук талдоолорду жүргүзөт. Көп катмарлуу алгоритмдеринин жардамы менен тил түзүлүшүн, булактардын колдонулушун жана бөлүмдөрдүн тартибин баалап, деталдуу отчетторду берет. Университеттер, изилдөөчүлөр жана журналдар үчүн ишенимдүү чечим болуп саналган Airisto, рецензент жана редактор процессин тездетет. Академиялык иштин сапатын жогорулаткан Airisto - келечектеги академиялык дүйнөгө багыт берген жаңычыл колдоо платформасы. |





