nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

02.02.2022

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 31.12.2022 мөөнөтүнө чейин “Oxford University Journals” жана 31.12.2024 мөөнөтүнө чейин “De Gruyter Journal Collection” электрондук маалымат базаларына байланыш ачылды.
Мындан тышкары “Taylor and Francis Journals Online” жана “Jstor” электрондук маалымат базаларына 2022-жыл үчүн байланыш уланууда.
Маалымат базалар туралуу толук маалыматты китепканабыздын веб баракчасындагы “Электрондук китепкана” бөлүмүнөн ала аласыздар.
Баардык маалымат базаларга университеттин тышынан VETİS системасы аркылуу байланыша аласыздар.

26.11.2021

       Урматтуу окурмандар, 23-25-ноябрь күндөрү китепканабыз тарабынан университетибиздин даярдоо курсунда окуп жаткан студенттерге китепканабызды таанытуу семинарлары өткөрүлдү. Семинарда “Жаңы версияга өткөн электрондук каталогду колдонуу”, “Электрондук каталогдон жеке отурум ачуу”, “Мобильдик китепкана”, “Электрондук булактарды колдонуу”, “Китепкананын эрежелери” ж.б. темалар сунулду.
Даярдоо курсунун студенттерине ийгиликтерди каалайбыз!
Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы

26.10.2021

       Урматтуу колдонуучулар, Токтом маалымат-укуктук тутумунун жаңы 5.0 версиясы чыккандыгына байланыштуу программаны кайра орнотушуңуз керек.
Орнотуу боюнча колдонмо.