10.02.2021
Түркстан жыйнагы Германиядагы Интернет Архивинде. Кыргыз-түрк “Манас” университетинин китепканасынын “Түркстан жыйнагы” аттуу маалымат базасы Орто Азия жана Сибирь ылайыкташтырылган маалымат кызматынын Интернет-архиви долбооруна кошулду.
Орто Азия жана Сибирь ылайыкташтырылган маалымат кызматы долбоору Германиядагы Гёттинген мамлекеттик жана университеттик китепканасы менен Германия изилдөө фонду тарабынан жүргүзүлөт. Түркстан жыйнагынын Орто Азия жана Сибирь ылайыкташтырылган маалымат кызматына кошулуусу, Кыргыз-Түрк “Манас” университети китепканасы жана иш кагаздар башкармалыгы долбоорду аткаруучу аталган мекеме жана уюмдун кызматташтыгынын натыйжасында ишке ашырылды.
Кыргыз-түрк “Манас” университети тарабынан 2016-жылы түзүлгөн ачык байланыштуу, толук текстүү “Түркстан жыйнагында” 18-кылымдын экинчи жарымынан 20-кылымдын биринчи жарымына чейин Орто Азияда жашаган түрк тилдүү калктардын тарыхын чагылдырган 594 томдук сейрек кездешүүчү тарыхый булак камтылган.
КТМУ китепканасы тарабынан жүргүзүлгөн иш чара аркылуу бул жыйнактын бардык томдорундагы 17941 макала “Йордам китепкана автоматтык системасына” сакталып изилдөөчүлөрдүн колдонуусуна сунулган.