nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

27.11.2024

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Cambridge Journals Online” маалымат базасына байланыш ачылды.
Маалымат база 384 алдыңкы журналдардан турган көп тармактуу коллекцияга жетүүнү сунуштайт. Cambridge Journals сапаты, камтуусу жана редакциялык бүтүндүгү менен дүйнө жүзү боюнча таанылган. Көптөгөн журналдар өз тармактарында алдыңкы болуп саналат жана бүгүнкү күндө жеткиликтүү болгон эң баалуу, ар тараптуу изилдөө коллекцияларынан бирин түзөт. Cambridge Journals Online гуманитардык, социалдык жана табигый илимдер боюнча кеңири темаларды камтыйт.
Маалымат базаны бул жактан (https://www.cambridge.org/core/) колдонсоңуз болот.

14.10.2024

       Урматтуу окурмандар, университет үчүн "Libraryturk" академиялык электрондук китеп платформасына 2024-жылдын 9-декабрына чейин сыноочу байланыш ачылды.
       Платформада бардык тармактар боюнча 9100дөн ашык академиялык электрондук китептер бар. Платформадан китептердин толук текстин окуу үчүн manas.edu.kg домендик корпоративдик электрондук почтаңыз менен катталууңуз керек. Каттоо учурунда "Мекеме аты" бөлүмүндө биздин университетти тандашыңыз керек.

Платформага бул жерден кире аласыз.
Колдонуу боюнча колдонмо бул баракта.

01.10.2024

       Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2024-жылдын 01-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.

Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 14:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);

Проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00 (17:30-20:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби - Жекшемби: Дем алыш

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 01.10.2024 – 31.05.2025 күндөрүнө тийиштүү;
* Даярдоо курсунун (Башкы имарат), Экономика жана башкаруу факультетинин имараты жана Проф.,докт. Анварбек Мокеев атындагы (Коммуникация факультетинин имараты) окуу залдары академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.

27.05.2024

       Урматтуу окурмандар! 2024-жылдын 1-июнунан баштап бардык китепканалардын жана окуу залдардын иштөө убакыттары жайкы мезгилге өтөт.

Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30;
Ишемби – Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Дем алыш.

23.05.2024

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “LEHÇEDİZ сөздүгүнө” байланыш ачылды. “LEHÇEDİZ сөздүгүндө” түрк адабиятынын бардык тарыхый жана заманбап тексттерди, түрк дүйнөсү адабиятынын маанилүү болгон тексттери боюнча маалыматтарды сунуш кылган ар тараптуу маалымат базасы. Бардык тексттердин ар бир сөзү жана сөз топтору өзүнчө чечмеленип топтоштурулган.
       Эми калың сөздүктөрдү ташыбай, илим изилдөөлөрү үчүн миңдеген барактарды которбостон секундада изилдөөлөргө тыянак чыгарууга болот. Интернетке кирүү тутуму аркылуу илимий китеп же макала үчүн миңдеген маалыматтарды алууга болот. Тарых, түрк тили жана адабияты, түркчө, азыркы түрк диалектери, китепкана ж.б. бөлүмдөр жана тексттер боюнча изилдөөгө муктаж болгон бардык бөлүмдөрдүн бирден-бир булагы.
“LEHÇEDİZ сөздүгүнө” бул даректен байланыша аласыз.
Таанытуу китепчеси...