nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

12.05.2017

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Cambridge Journals Online”маалымат базасына 31.12.2017 мөөнөтүнө чейин байланыш ачылды.
Маалымат базада илимдин көптөгөн тармактарындагы 384 журналды камтыйт.
Маалымат базаны бул жактан (https://www.cambridge.org/core/) колдонсоңуз болот.

28.04.2017

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Royal Society Journals”маалымат базасына 31.12.2017 мөөнөтүнө чейин байланыш ачылды. Маалымат базада физика жана биология тармагындагы 10 журналдын толук текстин 1665-жылдан берки номерлери менен камтыйт.
Маалымат базасы бул жерде (https://royalsociety.org/journals/).

10.02.2017

     Урматтуу окурмандар! 2017-жылдын 15-февраль күнү саат 10:00 экономика жана башкаруу факультети имаратындагы К. Тыныстанов атындагы жыйындар залында “Кыргызстан илимпоздору үчүн эл аралык маалымат платформу Web of Science” темасында Tomson Reuters фирмасынын өкүлдөрү тарабынан семинар өткөрүлөт. Семинарга баардык академик кызматкерлер, акыркы курстун студенттери, магистрант жана докторанттар чакырылат.
Семинар төмөнкү темаларда өтөт:
• Журналдын Импакт-фактору (Impact-Factor) деген эмне? 
• Акыркы илимий ачылыштардан катип маалымат ала аласыз жана эл аралык журналдарга кантип макала чыгарта аласыз?
• Макала жарык көрүш үчүн кандай даярдалышы керек?

 

25.01.2017

Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2017-жылга “Web of Science”маалымат базасына байланыш ачылды.
“Web of Science” маалымат базасы дүйнөлүк масштабдагы импакт-фактору жогору болгон, табигый жана так илимдер, социалдык илимдер, искусство, адам жана коом тармагында жарыяланган 12.800ден ашуун илимий журналдарды, 12.000 конференция материалдарын камтыйт. Маалымат база «Thomson Reuters» ишканасына таандык көп дисциплинардык шилтеме индекстеринен турат. 
Маалымат базага http://webofscience.com дареги аркылуу кирсеңиз болот. 
Орусча колдонуу видеосу төмөнкү линктерде жайгашкан: 
Web of Science маалымат базасында макала жарыялоо үчүн илимий журналдарды кантип табууга болот?
Web of Science маалымат базасы аркылуу макаланын толук текстин кантип табууга болот?
Web of Science маалымат базасынан автор боюнча макалаларды кантип табууга болот?
Web of Science маалымат базасында уюмдардын макала чыгаруу активдүүлүгү жана шилтеме алуу боюнча кантип анализ жүргүзүүгө болот?

31.10.2016

     Урматтуу окурмандар! Окурмандардын суроо талаптарына ылайык Даярдоо курсу Окуу Залы (Башкы имарат) 01.11.2016 күнүнөн баштап кечкисин 18:30 чейин иштейт.

Иштөө убактысы:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-18:30;
Ишемби: - Жекшемби: Дем алыш.

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт.