nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

06.05.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “research4life” проектиси аркылуу “ARDI” маалымат базасына 2020-жылдын 31-декабрына чейин байланыш ачылды. ARDI (The Access to Research for Development and Innovation) – инновациялык изилдөөлөрдү өнүктүрүү программасы WIPO (World Intellectual Property Organization) тарабынан жөнгө салынып илимий-техникалык маалыматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого багытталган. Ачык байланышта болгон ARDI маалымат базасында 500дөн ашуун мекеменин 5100дөн ашуун журнал, 19000 электрондук китеп жана 20дан ашуун ар кандай маалымат ресурстары бар. ARDI маалымат базасы Elsevir, Springer, Royal, Sage ж.б.у.с басмаларды камтыйт. “research4life” проектиси “HINARI”, “AGORA”, “OARE” маалымат базаларын да камтыйт жана бул маалымат базалары да университетибизге ачылган.

10.03.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн «e-Duke Journals Scholarly Collection» маалымат базасына 31.12.2018 мөөнөтүнө чейин байланыш ачылды. Бул маалымат базасында Дуке университетинин гуманитардык жана социалдык илим тармагындагы 44 аталыштагы журналдарды камтыйт.
Бул маалымат базасына бул жерден байланыша аласыздар.

29.02.2016

     Урматуу окурмандар! "New England Journal of Medicine" электрондук маалымат базасына 31.12.2018-жылына чейин байланыш ачылды. Медицина боюнча жума сайын чыгуучу журнал.
Маалымат базасы бул жерде.

17.02.2016

     Урматтуу окурмандар! “Edward Elgar Journals & eBooks” маалымат базасында укук, экономика, менеджмент жана лидерлик багытында 5 илимий журнал (Journal of Human Rights and the Environment, Queen Mary Journal of Intellectual Property, Review of Keynesian Economics, European Journal of Economics and Economic Policies, Leadership and the Humanities темаларда) жана финансы, инновациялык өнүгүү, корпоративдик башкаруу, саламаттык сактоо, миграция, интеллектуалдык менчик укугу, укук реформасы ж.б.у.с. багыттарда 187 электрондук китептер бар.
Маалымат базасы бул жерде.

15.02.2016

     Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын электрондук каталогунун мобилдик версиясы иштей баштады. Мобилдик телефонуңуздагы Play Market же AppStor дан“Cep Kütüphanem” деп издөө жүргүзүп, программаны жүктөп алсаңыз болот. Бул программаны колдонуунун кыскача слайдын китепканабыздын веб баракчасындагы “Кошумча маалыматтар” бөлүмүндөн алсаңыздар болот.