library.manas.edu.kg
  • Кыргызский
  • Türkçe (Türkiye)
  • Русский (Россия)
Включить/выключить навигацию
  • Башкы бет
  • Университет
  • @-Kат
  • Электрондук журналдар
  • Студентик бөлүм
  • Медиа Манас
  • Санарип Манас
  • Байланыш

ЖАҢЫЛЫКТАР

25.01.2017

Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2017-жылга “Web of Science”маалымат базасына байланыш ачылды.
“Web of Science” маалымат базасы дүйнөлүк масштабдагы импакт-фактору жогору болгон, табигый жана так илимдер, социалдык илимдер, искусство, адам жана коом тармагында жарыяланган 12.800ден ашуун илимий журналдарды, 12.000 конференция материалдарын камтыйт. Маалымат база «Thomson Reuters» ишканасына таандык көп дисциплинардык шилтеме индекстеринен турат. 
Маалымат базага http://webofscience.com дареги аркылуу кирсеңиз болот. 
Орусча колдонуу видеосу төмөнкү линктерде жайгашкан: 
Web of Science маалымат базасында макала жарыялоо үчүн илимий журналдарды кантип табууга болот?
Web of Science маалымат базасы аркылуу макаланын толук текстин кантип табууга болот?
Web of Science маалымат базасынан автор боюнча макалаларды кантип табууга болот?
Web of Science маалымат базасында уюмдардын макала чыгаруу активдүүлүгү жана шилтеме алуу боюнча кантип анализ жүргүзүүгө болот?

 

* * *

20.12.2016

     Урматтуу окурмандар! 2017- жылдын 12-31 январь күндөрү Борбордук китепкананын жана Ч. Айтматов атындагы окуу залддарынын иштөө убакыттары төмөндөгүдөй өзгөрөт.

Борбордук китепкана 
Иштөө убактысы:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-20:00;
Ишемби – Жекшемби: 13:00-20:00

Ишемби, Жекшемби күндөрү окурмандарга үйгө китеп берилбейт, ксерокөчүрмө иштебейт.

Ч. Айтматов Окуу Залы
Иштөө убактысы:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-17:30;
Ишемби - Жекшемби: Дем алыш

* 2017-жылдын Февраль айынан баштап китепканалар кайрадан академиялык календарь боюнча иштей баштайт.

 

* * *

30.11.2016

     Урматтуу окурмандар! 01.12.2016 күнүнөн баштап Даярдоо курсу Окуу Залы (Башкы имарат) мурунку иштөө убактысына өтөт.


Иштөө убактысы:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-17:30;
Ишемби: - Жекшемби: Дем алыш.

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт.

 

* * *

31.10.2016

     Урматтуу окурмандар! Окурмандардын суроо талаптарына ылайык Даярдоо курсу Окуу Залы (Башкы имарат) 01.11.2016 күнүнөн баштап кечкисин 18:30 чейин иштейт.

Иштөө убактысы:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-18:30;
Ишемби: - Жекшемби: Дем алыш.

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт.

 

* * *

12.10.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибизге 17.10.2016-17.11.2016 күндөрү үчүн “Communication Source”, “Political Science Complete (PSC)”, “Middle Eastern and Central Asian Studies”, “One Belt One Road Reference Source” маалымат базаларына сыноочу байланыш ачылды.
“Communication Source” - EBSCO илимий маалымат базасынын башкаларында жолукпаган 800-дөн ашуу аталыштар, анын ичинде 150 толук тексттүү аталыш, 600-дөн көп активдүү толук тексттүү аталыштар жана бар. 1000 аталышта индекстөө жана шилтеме маалымат кездешет. 
“Political Science Complete (PSC)”, Толук тексттүү макалалардын кыскача мазмуну менен бирге 2500 журналды (жогорку деңгээлде бааланган илимий журналдарды дагы) камтыйт. Булардын көбү бул жыйнакта колдонулат, мисалы: British Politics, Ethnopolitics и Journal of Women, Politics & Policy. “Middle Eastern and Central Asian Studies”, Жакынкы Чыгыш, Борбордук Азия, жана Түндүк Африканын маданияты жана саясаты жөнүндө журналдар, газета макалалары, китептер, изилдөөлөр жана баяндамалар үчүн көрсөткүчтөрдү камсыз кылат. School of Oriental & African Studies (SOAS) Library Catalogue (1900-present), Middle East Bibliography (1946-2001), Middle East Book Bibliographies, Theses & Dissertations and MECAS Citations Database’ ди биргелештирген Жакынкы Чыгыш жана Борбордук Азиянын ар кандай предметтери үчүн баалуу булак болуп эсептелет. 
“One Belt One Road Reference Source”, Салттуу Жибек Жолу кошмо мамлекеттери эсептелген: Борбордук жана Түштүк-Батыш Азия, Жакынкы Чыгыш жана Европа ошондой эле порт соода жолдору байланышкан өлкөлөрдөгү эл аралык соода саясаты, түзүлүшү, туруктуу өнүгүүсү, экологиялык инженериясы, эл аралык байланыш боюнча маалыматтарды камтыйт. Жыйнак алгачкы соода жолдорунун тарыхый маанисин баалаганга жана азыркы пайдалар менен салыштырууга, One Belt One Road (бир белбоо бир жол) демилгесин колдогон 65 өлкөнүн элин, маданиятын, экономикасын аныктоого мүмкүндүк берет. Жыйнактагы тийиштүү материалдар ондогон өлкөлөрдөн чогултулган, анын ичинде: Кытай, Россия Федерациясы, Иран, Румыния, Туркия, Чех Мамлекети, Пакистан, Литва, БАЭ жана башка көптөгөн мамлекеттер. 

Маалымат базаларды EBSCOHost маалымат базасына кирип колдонсоңуз болот.

 

* * *

14 / 33

  • 9
  • ...
  • 11
  • 12
  • 13
  • 14
  • ...
  • 16
  • 17
  • 18
  • Электрондук каталог
  • Э-маалымат базалар
  • Колдонмо көрсөткүчтөр
  • Пайдалуу шилтемелер
  • Жалпы маалыматтар
  • Максаты жана милдеттери
  • Китепкана кызматкерлери
  • Мыйзамдар
  • Пландар жана статистикалар
  • Стандарттуу формалар
  • Окуу китептердин тизмеси
  • Жазылган журналдар
  • Сүрөт галереясы

vetis

webofscince


Жогору

© 2022 library.manas.edu.kg