nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

11.10.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2016-жылдын 10 октябрындан баштап 10-декабрына чейин “Emerald” маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды. 
Emerald маалымат базасында эсеп, финансы, экономика, ишкердик, менеджмент, билим берүү, адам ресурстарын башкаруу, уюштуруу изилдөөлөрү, ден-соолук жана коомдук камсыздык, маалыматтык башкаруу, маркетинг, ишмердүүлүк, логистикалык жана сапаттуулук, экологиялык менеджмент, мамлекеттик башкаруу, туризм, инженердик жана китепкана темасында жалпы 305 журнал бар. 
Маалымат базасы бул жерде (http://emeraldinsight.com)

30.09.2016

     Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын электрондук каталогунун мобилдик версиясы жаңыланды. Мобилдик телефонуңуздан Play Market же AppStorга кирип “Cep Kütüphanem” программасын жүктөп алсаңыз болот. Бул программа аркылуу, каталогдон китеп издөө, кезекке туруу, алган китептердин мөөнөтүн узартуу, китепканадан билдирүүлөрдү алуу, электрондук китептерди окуу ж.б.у.с. кызматтардан пайдалана аласыз. Программа түрк, англис, кыргыз, орус тилдеринде иштейт. Бул программаны колдонуунун кыскача слайдын китепканабыздын веб баракчасындагы “Кошумча маалыматтар” бөлүмүндөн алсаңыздар болот.

27.09.2016

     Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2016-жылдын 1-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.

Борбордук китепкана:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 12:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат).

Ч. Айтматов атындагы Окуу Зал:
Дүйшөмбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: Дем алыш

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 01.10.2016 – 01.06.2017 күндөрүнө тийиштүү;
* С. Жигитов атындагы жана Даярдоо курсунун (Башкы имарат) окуу залдары академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.