nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

12.09.2017

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2017-жылдын Сентябрь айынан баштап “Токтом” юридикалык маалымат системасына байланыш ачылды. 
“Токтом” юридикалык маалымат системасы - укук боюнча маалыматтардын топтомун, ченемдик укук актысы менен ченемдик техникалык документердин тексттерин, мыйзам чыгаруу үчүн түшүндүрмөлөрдү, Жогорку соттун чечимдерин, сот тажрыйбаларынын серептерин жана башка маалыматтарды камтыйт. 
Системаны компьютериңизге куруу көрсөтмөсүн бул жерден алсаңыз болот.

12.05.2017

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Cambridge Journals Online”маалымат базасына 31.12.2017 мөөнөтүнө чейин байланыш ачылды.
Маалымат базада илимдин көптөгөн тармактарындагы 384 журналды камтыйт.
Маалымат базаны бул жактан (https://www.cambridge.org/core/) колдонсоңуз болот.

28.04.2017

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Royal Society Journals”маалымат базасына 31.12.2017 мөөнөтүнө чейин байланыш ачылды. Маалымат базада физика жана биология тармагындагы 10 журналдын толук текстин 1665-жылдан берки номерлери менен камтыйт.
Маалымат базасы бул жерде (https://royalsociety.org/journals/).