06.02.2008
2008-жылдын 5-февралында китепканбызда Чет тилдер жогорку мектебинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн, Англис тил жана Орус тил координаторлугунун академик персонелдерине китепканабыздын электрондук каталогун, электрондук маалымат базаларын жана электрондук булактарын таанытуу тренинги жүргүзүлдү. Тренингде китепканабыз тарабындан топтолуп жаткан электрондук каталогубуз тууралуу билгилер: электрондук түрдө каталогдон маалымат издөө иши, мүчөлөрүбүз үчүн түзүлгөн “Жеке отурум” ачуу иши, жаңыдан каттала баштаган мезгилдүү басма сөздөрдүн макалаларын электрондук түрдө издөө иши жана китепканабыз жазылган электрондук маалымат базаларын, электрондук журналдарын, булактарын колдонуу иши, маалымат базалардан макала издөө жана жүктөө иши слайт түрүндө көргөзүлдү жана үйрөтүлдү.