nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

20.10.2025

       Урматтуу окурмандар! Университет үчүн “Airisto.ai” платформасына 2025-жылдын 31-декабрына чейин сыноочу байланыш ачылды.
Airisto - бул академиялык жазууда жасалма интеллекттин издерин аныктоочу жергиликтүү аныктоо куралы. Ал академиялык тексттерде адамдын эмгеги менен жасалган жана жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн мазмунду айырмалап, оригиналдуулукту көрсөтөт. Түркчө булактар менен үйрөтүлгөн күчтүү базасы аркылуу макала, диссертация, отчет жана баяндамаларда кеңири мазмундук талдоолорду жүргүзөт. Көп катмарлуу алгоритмдеринин жардамы менен тил түзүлүшүн, булактардын колдонулушун жана бөлүмдөрдүн тартибин баалап, деталдуу отчетторду берет. Университеттер, изилдөөчүлөр жана журналдар үчүн ишенимдүү чечим болуп саналган Airisto, рецензент жана редактор процессин тездетет. Академиялык иштин сапатын жогорулаткан Airisto - келечектеги академиялык дүйнөгө багыт берген жаңычыл колдоо платформасы.

Колдонуу чеги: Ар бир окутуучуга 4 талдоо укугу берилет.
Кирүү шилтемеси: www.airisto.ai
Кирүү ыкмасы: Институционалдык электрондук почтаңыз (manas.edu.kg) аркылуу катталуу/кирүү.
Нускама

08.10.2025

       Урматтуу окурмандар, университет үчүн "LibraryTürk" академиялык электрондук китеп платформасына 2025-жылдын 7-ноябырына чейин сыноочу байланыш ачылды.
Платформада бардык тармактар боюнча 12000ден ашык академиялык электрондук китептер бар. Платформадан китептердин толук текстин окуу үчүн manas.edu.kg домендик корпоративдик электрондук почтаңыз менен катталууңуз керек. Каттоо учурунда "Мекеме аты" бөлүмүндө биздин университетти тандашыңыз керек.
Платформага бул жерден кире аласыз.

LibraryTürk жалпы таанытуу видеосу
Автоматтык түрдө тастыктоо кызматынын видеосу
Таанытуу брошюрасы
Нускама

26.09.2025

       Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2025-жылдын 01-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.

Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 14:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);

Проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00 (17:30-20:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби - Жекшемби: Дем алыш.

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 01.10.2025 – 31.05.2026 күндөрүнө тийиштүү;
* Даярдоо курсунун (Башкы имарат), Экономика жана башкаруу факультетинин имараты жана Проф.,докт. Анварбек Мокеев атындагы (Коммуникация факультетинин имараты) окуу залдары академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.