ЖАҢЫЛЫКТАР
24.09.2018
Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2018-жылдын 1-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.
Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 14:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00 (17:30-20:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби - Жекшемби: Дем алыш
* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 01.10.2018 – 31.05.2019 күндөрүнө тийиштүү;
* Даярдоо курсунун (Башкы имарат) окуу залы академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.
* * *
28.05.2018
Урматтуу окурмандар! 2018-жылдын 4-июнунан баштап бардык китепканалардын жана окуу залдардын иштөө убакыттары жайкы мезгилге өтөт.
Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30.
Ишемби – Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Дем алыш.
* * *
02.05.2018
Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “CAB Direct” маалымат базасына 31.05.2017 күнүнө дейре убактылуу байланыш ачылды. “CAB Direct” маалымат базасы - CABI (Centre for Agriculture and Biosciences International) компаниясына тийиштүү Айыл чарба, ветеринария, мал чарбачылыгы, экология ж.б.у.с. темалардагы 11 миллион библиографиялык маалыматты, 340 миңден ашык толук тексттүү макалаларды камтыган база. “CAB Direct” маалымат базасы - “CAB ABSTRACTS”, “CABI Full Text”, “Animal Health and Production Compendium (AHPC)”, “Vet-Med Resources” сыяктуу базаларды камтыйт.
Маалымат базаны бул жактан колдонсоңуз болот.
Негизги CABI таанытуу слайды.
Vet-Med Resources таанытуу слайды.
* * *
16.02.2018
Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн Clarivate Analytics (Thomson Reuters) компаниясынын InCites системасына 2018-жылдын 28-февраль күнүнө дейре сыноочу байланыш ачылды. InCites – жергиликтүү жана чет өлкөлүк билим берүү жана мамлекеттик мекемелердин өнүгүү анализин кылган бир курал болуп саналат. InCites - бардык маалыматтарды Web of Science Core Collection маалымат базасынан алат жана бул базадагы профили түзүлгөн мекемелердин гана анализин чыгарат. InCites – ESCIдан тышкаркы макалалардын анализи жүргүзүлөт.
InCites – системасына Web of Science Core Collection маалымат базасынан же https://incites.thomsonreuters.com адресинен кире аласыздар.
* * *
11.12.2017
Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 11.12.2017 - 10.01.2018 күндөрүнө “Scopus” маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды.
Маалымат базага бул адрестен байланыша аласыздар http://www.scopus.com
* * *
8 / 30