nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

03.12.2020

       Урматтуу окурмандар! 2020-жылдын 01-декабырынан 2021-жылдын 28-февралына чейин “Wiley Online Library” электрондук маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды.
        “Wiley Online Library” - Wiley басма үйүнө таандык электрондук маалымат базасы болуп саналат. Wiley басма үйү – 1807-жылы John Wiley & Sons тарабынан түзүлгөн, бардык тармактардагы илимий ресурстарды басып чагырган мультидисциплинардык, академиялык, дүйнөдөгү эң эски жана абройлуу эл аралык басма үйү болуп саналат.
       Биздин университет үчүн, бул маалымат базанын 1384 илимий журналына байланыш ачылды. Булардын 1236 журналы Web of Science Core Collectionда индекстелет жана импакт-фактору бар. 77% журналдары I жана II квартильге кирген. 320 журналдары өзүнүн тематикасы боюнча топ-10го кирген. Web of Science Core Collectionдун 26 тематикалык категорияларында Wiley журналдары 1-орунду алган.
       “Wiley Online Library” маалымат базасына университеттин ичинде түз эле кире бересиздер. Университеттин тышында колдонуу үчүн, сөзсүз түрдө Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. э-почтасын колдонуу жана кампус ичинде гана каттодон өтүү керек.
       Маалымат база бул адресте.

Колдонуучулар үчүн:

• Маалымат базаны колдонуу үчүн сурамжылоочу каражаттар, материалдар, брошюралар: англисче, орусча.
Wiley вебинарлары (орусча).
• YouTube каналы: http://bit.ly/WileyYouTubeRU же https://www.youtube.com/channel/UCn_CnsRPp3pcxZu7Wr3QXVw.
• Авторлор үчүн ресурстар: Wiley Author Services порталы. (Wiley журналдарына макала берүү үчүн) .

Wiley Online Library

30.10.2020

       Урматтуу окурмандар, университетибиз үчүн 1-ноябрь 2020 күнүнөн баштап “Web of Science”, “EBSCOHost” жана “Toktom” маалымат базаларына бир жылдык байланыш ачылды.
“Web of Science Core Collection” маалымат базасы, дүйнөдөгү импакт фактору жогору болгон, табигый илимдер, коомдук илимдер, искусство жана гумманитардык илимдер тармагындагы 21 миңден ашуун журналдарды, 200 миңден ашык конференциялардын 10,5 миллиондон ашык докладдарды, 110 миңден ашык китептерди камтыган, Clarivate Analytics фирмасынын көп тармактуу шилтеме индекстеринен түзүлгөн маалымат базасы болуп саналат. Маалымат базага кампус ичинен жеке каттодон өтүп, ошол каттоо аркылуу кампус тышынан да колдонсо болот.
Маалымат база бул жерде.

“EBSCOHost” маалымат базасы 17 миңге жакын журналдарды камтып, алардын ичинен ачык байланышта болбогон 2300 журналдын толук текстин камтыган чоң платформа болуп саналат. EBSCO журналдардын акыркы санын жана 1950-жылдарга чейинки сандардын архивин да камтыйт. Университетибиз үчүн EBSCOHostтун Academic Search Premier, Business Source Premier, GreenFILE, MasterFILE Premier, MEDLINE, ERIC, Regional Business News, Library, Information Science & Technology Abstracts, MasterFILE Reference eBook Collection, eBook Collection (EBSCOhost) аттуу маалымат базаларына байланыш ачылды.
Кампус тышынан кирүү үчүн кириш атын жана сыр сөзүн китепканабыздан алсаңыз болот, (Телефон: 492765 iç hat 837, 868. e-mail Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.)
Маалымат база бул жерде.

“Токтом” маалымат базасы – Кыргызстандын мыйзамдарын камтыйт. Күн сайын жаңылануу болуп, жаңы мыйзамдарды убагында ала аласыздар.
Маалымат база бул жерде.

30.09.2020

       Урматтуу китепкананын колдонуучулары, "Ayeum" электрондук маалымат базасына 05.10.2020 - 20.10.2020 күндөрү үчүн 15 күндүк сыноочу байланыш берилет.
       Изилдөө методдорун окутуу жана колдонуу борбору (AYEUM) коомдук, илим, саламаттыкты сактоо жана билим берүү илимдеринде колдонулган сапаттуу, сандык жана аралаш ыкмалар боюнча изилдөөчүлөргө онлайн окутуу, көзмө-көз окутуу жана консультациялык кызматтарды көрсөтүү максатында түзүлгөн академиялык билим берүү платформасы болуп саналат. Бул багытта бүтүрүүчү докторанттарга, аспиранттарга, окумуштууларга, мамлекеттик мекемелердеги жана уюмдардагы адистерге илимий изилдөө процессинде колдонулган илимий изилдөө ыкмаларын жана компьютердик программаларды кеңири үйрөтүүнү максат кылат.
        Кызматкерлер жана студенттер “системага каттал” деген жерден корпоративдик электрондук почтасы менен гана жазыла алышат. Почтанын уландысы manas.edu.kg болушу керек. Мүчө болгондон кийин, электрондук почтага текшерүү коду жөнөтүлөт жана макул болушса, эч кандай көйгөйсүз кирсе болот. Каалаган жерден киргенге мүмкүнчүлүк алышат.
        Мүчө AYEUMга өзүнчө киргенде, ал өз билимин интерактивдүү экзамен модулу менен текшерип, өзүнүн атына берилген катышуу сертификатын жүктөп алат. Мындан тышкары, "Мугалимден сура" бөлүмүнөн мугалимдерибизге суроолорду берсе болот. Изилдене элек жерлер үчүн система кайтарым байланышта болуп, 100% билим алууга кепилдик берген кошумча пикирлерди жана маалыматтарды сунат.
        Суроолор боюнча, Ayeum барагындагы “бизге жазыңыз” бөлүмүнө кайрылсаңыз болот.

Ayeum