nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

10.02.2021

       Түркстан жыйнагы Германиядагы Интернет Архивинде. Кыргыз-түрк “Манас” университетинин китепканасынын “Түркстан жыйнагы” аттуу маалымат базасы Орто Азия жана Сибирь ылайыкташтырылган маалымат кызматынын Интернет-архиви долбооруна кошулду.
Орто Азия жана Сибирь ылайыкташтырылган маалымат кызматы долбоору Германиядагы Гёттинген мамлекеттик жана университеттик китепканасы менен Германия изилдөө фонду тарабынан жүргүзүлөт. Түркстан жыйнагынын Орто Азия жана Сибирь ылайыкташтырылган маалымат кызматына кошулуусу, Кыргыз-Түрк “Манас” университети китепканасы жана иш кагаздар башкармалыгы долбоорду аткаруучу аталган мекеме жана уюмдун кызматташтыгынын натыйжасында ишке ашырылды.
Кыргыз-түрк “Манас” университети тарабынан 2016-жылы түзүлгөн ачык байланыштуу, толук текстүү “Түркстан жыйнагында” 18-кылымдын экинчи жарымынан 20-кылымдын биринчи жарымына чейин Орто Азияда жашаган түрк тилдүү калктардын тарыхын чагылдырган 594 томдук сейрек кездешүүчү тарыхый булак камтылган.
КТМУ китепканасы тарабынан жүргүзүлгөн иш чара аркылуу бул жыйнактын бардык томдорундагы 17941 макала “Йордам китепкана автоматтык системасына” сакталып изилдөөчүлөрдүн колдонуусуна сунулган.

29.01.2021

       Урматтуу окурмандар! 2019-2020 окуу жылында китепканадан алган китептердин өткөрүү күнү 01.03.2021 күнүнө дейре узартылды. 01.03.2021 күнү электрондук каталогдон жеке “Отурум ачып” же мобилдик китепкана аркылуу узартпадан китептерди сөзсүз түрдө өткөрүүнү суранабыз. Узартып салган учурда система автоматтык түрдө китепти алган күндөн баштап кечигүү жазасын эсептеп салат. http://elib.manas.edu.kg/ электрондук китепканабыз окуу материалдар менен күнүгө толукталып жатат.

18.01.2021

       Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасынын иш чаралары натыйжасында 2021-жылдын 28-февралына чейин сыноочу байланыш ачылган “Wiley Online Library” электрондук маалымат базасын колдонуусу боюнча "Билим берүү процессинде жана илимий изилдөө иштеринде Wiley илимий журналдарын колдонуу" темасында вебинар 2021-жылдын 26-январында саат 15.30да GoogleMeet аркылуу өткөрүүнү пландоодо.
Вебинарды Wiley басма үйүнүн Орусия жана КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Наталия Калицева өткөрөт. Модератор Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков. Вебинар практика түрүндө болуп, кыргыз жана орус тилинде өтөт. Каалоочуларга түрк жана англис тилинде которулуп берилет.
Катышуу шилтемеси: https://meet.google.com/smp-pzay-afo

Күнү: 26.01.2021
Сааты: 15.30
Суроолор үчүн Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгына же Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. адресине кайрылыңыздар.