nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

18.09.2023

       Урматтуу окурмандар! Китепканабыздын электрондук каталогунун мобилдик версиясы жаңыланды. Мобилдик телефонуңуздан Google Play же AppStorга кирип “Cep Kütüphanem” программасын жүктөп алсаңыз болот. Телефонуңузда эски “Cep Kütüphanem” программасы бар болсо өчүрүп салып жаңыдан куруу керек. Бул программа аркылуу, каталогдон китеп издөө, кезекке туруу, алган китептердин мөөнөтүн узартуу, китепканадан билдирүүлөрдү алуу, электрондук китептерди окуу ж.б.у.с. кызматтардан пайдалана аласыз. Программа түрк, англис, кыргыз, орус тилдеринде иштейт. Бул программаны колдонуунун кыскача слайдын китепканабыздын веб баракчасындагы (http://library.manas.edu.kg) “Колдонмо көрсөткүчтөр” бөлүмүндөн алсаңыздар болот.

13.09.2023

       Урматтуу окурмандар! «Scopus» электрондук маалымат базасына байланыш ачылды Scopus – бул көп дисциплинардык библиографиялык жана абстракттуу маалымат базасы жана илимий журналдарда жарыяланган макалалардын шилтемелерин изилдөөчү курал. Scopus дүйнө жүзү боюнча 5 миң илимий басмаканалардын 18 миңден ашуун басылмаларын, анын ичинде 13 миллионго жакын патентти, ошондой эле илимий конференциялардын материалдарын камтыйт. Elsevier тарабынан иштелип чыккан жана колдоого алынган.

Электрондук маалымат базасын http://www.scopus.com дарегинен тапса болот.
Алыстан кирүү мүмкүнчүлүгүн каттоо боюнча нускамалар бул жерде.

09.06.2023

       Урматтуу окурмандар! 2023-жылдын 12-июнунан баштап бардык китепканалардын жана окуу залдардын иштөө убакыттары жайкы мезгилге өтөт.

Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30.
Ишемби – Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Дем алыш.