nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

27.10.2025

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2025-жылдын 1-октябрынан тартып ачылган “Muteferriqa” Осман жана Түркия изилдөөлөрүнүн ачылыш порталы берилген бир айлык сыноочу байланыш 2025-жылдын 15-ноябрына чейин узартылды.
Muteferriqa - Осман империясынын дооруна таандык XVIII кылымдан XX кылымдын орто ченине чейинки мезгилде жарык көргөн китептерди, мезгилдүү басылмаларды жана документтерди камтыган кеңири онлайн изилдөө топтому.
Маалымат базага бул жерден кирсеңиз болот.
Мындан тышкары, Muteferriqa порталынын өкүлдөрү тарабынан 2025-жылдын 31-октябрында саат 15:30да Microsoft Teams платформасы аркылуу онлайн окутуу семинары өткөрүлөт.
Семинарга катышуу үчүн каттоо формасын бул жерден толтура аласыз.

20.10.2025

       Урматтуу окурмандар! Университет үчүн “Airisto.ai” платформасына 2025-жылдын 31-декабрына чейин сыноочу байланыш ачылды.
Airisto - бул академиялык жазууда жасалма интеллекттин издерин аныктоочу жергиликтүү аныктоо куралы. Ал академиялык тексттерде адамдын эмгеги менен жасалган жана жасалма интеллект тарабынан түзүлгөн мазмунду айырмалап, оригиналдуулукту көрсөтөт. Түркчө булактар менен үйрөтүлгөн күчтүү базасы аркылуу макала, диссертация, отчет жана баяндамаларда кеңири мазмундук талдоолорду жүргүзөт. Көп катмарлуу алгоритмдеринин жардамы менен тил түзүлүшүн, булактардын колдонулушун жана бөлүмдөрдүн тартибин баалап, деталдуу отчетторду берет. Университеттер, изилдөөчүлөр жана журналдар үчүн ишенимдүү чечим болуп саналган Airisto, рецензент жана редактор процессин тездетет. Академиялык иштин сапатын жогорулаткан Airisto - келечектеги академиялык дүйнөгө багыт берген жаңычыл колдоо платформасы.

Колдонуу чеги: Ар бир окутуучуга 4 талдоо укугу берилет.
Кирүү шилтемеси: www.airisto.ai
Кирүү ыкмасы: Институционалдык электрондук почтаңыз (manas.edu.kg) аркылуу катталуу/кирүү.
Нускама

08.10.2025

       Урматтуу окурмандар, университет үчүн "LibraryTürk" академиялык электрондук китеп платформасына 2025-жылдын 7-ноябырына чейин сыноочу байланыш ачылды.
Платформада бардык тармактар боюнча 12000ден ашык академиялык электрондук китептер бар. Платформадан китептердин толук текстин окуу үчүн manas.edu.kg домендик корпоративдик электрондук почтаңыз менен катталууңуз керек. Каттоо учурунда "Мекеме аты" бөлүмүндө биздин университетти тандашыңыз керек.
Платформага бул жерден кире аласыз.

LibraryTürk жалпы таанытуу видеосу
Автоматтык түрдө тастыктоо кызматынын видеосу
Таанытуу брошюрасы
Нускама