nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

18.01.2021

       Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасынын иш чаралары натыйжасында 2021-жылдын 28-февралына чейин сыноочу байланыш ачылган “Wiley Online Library” электрондук маалымат базасын колдонуусу боюнча "Билим берүү процессинде жана илимий изилдөө иштеринде Wiley илимий журналдарын колдонуу" темасында вебинар 2021-жылдын 26-январында саат 15.30да GoogleMeet аркылуу өткөрүүнү пландоодо.
Вебинарды Wiley басма үйүнүн Орусия жана КМШ өлкөлөрүндөгү өкүлү Наталия Калицева өткөрөт. Модератор Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков. Вебинар практика түрүндө болуп, кыргыз жана орус тилинде өтөт. Каалоочуларга түрк жана англис тилинде которулуп берилет.
Катышуу шилтемеси: https://meet.google.com/smp-pzay-afo

Күнү: 26.01.2021
Сааты: 15.30
Суроолор үчүн Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгына же Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. адресине кайрылыңыздар.

03.12.2020

       Урматтуу окурмандар! 2020-жылдын 01-декабырынан 2021-жылдын 28-февралына чейин “Wiley Online Library” электрондук маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды.
        “Wiley Online Library” - Wiley басма үйүнө таандык электрондук маалымат базасы болуп саналат. Wiley басма үйү – 1807-жылы John Wiley & Sons тарабынан түзүлгөн, бардык тармактардагы илимий ресурстарды басып чагырган мультидисциплинардык, академиялык, дүйнөдөгү эң эски жана абройлуу эл аралык басма үйү болуп саналат.
       Биздин университет үчүн, бул маалымат базанын 1384 илимий журналына байланыш ачылды. Булардын 1236 журналы Web of Science Core Collectionда индекстелет жана импакт-фактору бар. 77% журналдары I жана II квартильге кирген. 320 журналдары өзүнүн тематикасы боюнча топ-10го кирген. Web of Science Core Collectionдун 26 тематикалык категорияларында Wiley журналдары 1-орунду алган.
       “Wiley Online Library” маалымат базасына университеттин ичинде түз эле кире бересиздер. Университеттин тышында колдонуу үчүн, сөзсүз түрдө Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра. э-почтасын колдонуу жана кампус ичинде гана каттодон өтүү керек.
       Маалымат база бул адресте.

Колдонуучулар үчүн:

• Маалымат базаны колдонуу үчүн сурамжылоочу каражаттар, материалдар, брошюралар: англисче, орусча.
Wiley вебинарлары (орусча).
• YouTube каналы: http://bit.ly/WileyYouTubeRU же https://www.youtube.com/channel/UCn_CnsRPp3pcxZu7Wr3QXVw.
• Авторлор үчүн ресурстар: Wiley Author Services порталы. (Wiley журналдарына макала берүү үчүн) .

Wiley Online Library

30.10.2020

       Урматтуу окурмандар, университетибиз үчүн 1-ноябрь 2020 күнүнөн баштап “Web of Science”, “EBSCOHost” жана “Toktom” маалымат базаларына бир жылдык байланыш ачылды.
“Web of Science Core Collection” маалымат базасы, дүйнөдөгү импакт фактору жогору болгон, табигый илимдер, коомдук илимдер, искусство жана гумманитардык илимдер тармагындагы 21 миңден ашуун журналдарды, 200 миңден ашык конференциялардын 10,5 миллиондон ашык докладдарды, 110 миңден ашык китептерди камтыган, Clarivate Analytics фирмасынын көп тармактуу шилтеме индекстеринен түзүлгөн маалымат базасы болуп саналат. Маалымат базага кампус ичинен жеке каттодон өтүп, ошол каттоо аркылуу кампус тышынан да колдонсо болот.
Маалымат база бул жерде.

“EBSCOHost” маалымат базасы 17 миңге жакын журналдарды камтып, алардын ичинен ачык байланышта болбогон 2300 журналдын толук текстин камтыган чоң платформа болуп саналат. EBSCO журналдардын акыркы санын жана 1950-жылдарга чейинки сандардын архивин да камтыйт. Университетибиз үчүн EBSCOHostтун Academic Search Premier, Business Source Premier, GreenFILE, MasterFILE Premier, MEDLINE, ERIC, Regional Business News, Library, Information Science & Technology Abstracts, MasterFILE Reference eBook Collection, eBook Collection (EBSCOhost) аттуу маалымат базаларына байланыш ачылды.
Кампус тышынан кирүү үчүн кириш атын жана сыр сөзүн китепканабыздан алсаңыз болот, (Телефон: 492765 iç hat 837, 868. e-mail Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.)
Маалымат база бул жерде.

“Токтом” маалымат базасы – Кыргызстандын мыйзамдарын камтыйт. Күн сайын жаңылануу болуп, жаңы мыйзамдарды убагында ала аласыздар.
Маалымат база бул жерде.