nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

11.12.2025

       Түрк дүйнөсү китепканачылары фонду чыгарган «Bengütaş» журналынын 2025-жылдагы 7-санында биздин китепкана жөнүндө маалымат жарыяланды.

 03.12.2025

       Даярдоо курсунун студенттери үчүн 2025-жылдын 2-декабрында Google Meet аркылуу онлайн семинарларды уюштурду. Семинар Китепкана жана документация башкармалыгы тарабынан уюштурулуп, телекоммуникация түрүндө өттү.
Семинарда китепкана жана документация башкармалыгы тарабынан «Китепкана кызматтарын тантытуу: Электрондук каталог, Мобилдик китепканам, Электрондук китепкана, Электрондук маалымат базалар»; Маалымат технологиялар башкармалыгы тарабынан «Студенттер үчүн онлайн платформалар, Жаңы студенттик маалымат системасы (OBİS test)» темасында презентациялар жасалды.

27.10.2025

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2025-жылдын 1-октябрынан тартып ачылган “Muteferriqa” Осман жана Түркия изилдөөлөрүнүн ачылыш порталы берилген бир айлык сыноочу байланыш 2025-жылдын 15-ноябрына чейин узартылды.
Muteferriqa - Осман империясынын дооруна таандык XVIII кылымдан XX кылымдын орто ченине чейинки мезгилде жарык көргөн китептерди, мезгилдүү басылмаларды жана документтерди камтыган кеңири онлайн изилдөө топтому.
Маалымат базага бул жерден кирсеңиз болот.
Мындан тышкары, Muteferriqa порталынын өкүлдөрү тарабынан 2025-жылдын 31-октябрында саат 15:30да Microsoft Teams платформасы аркылуу онлайн окутуу семинары өткөрүлөт.
Семинарга катышуу үчүн каттоо формасын бул жерден толтура аласыз.