ЖАҢЫЛЫКТАР
22.02.2022
Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Royal Society Journals Collection” маалымат базасына eIFL (Electronic Information for Libraries) проекти аркылуу 31.12.2023 мөөнөтүнө чейин бекер байланыш ачылды. Маалымат базада физика жана биология тармагындагы 11 журналдын толук текстин 1665-жылдан берки номерлери менен камтыйт. Маалымат база туралуу толук маалыматты китепканабыздын веб баракчасындагы “Э-маалымат базалар” бөлүмүнөн ала аласыздар. Баардык маалымат базаларга университеттин тышынан VETİS системасы аркылуу байланыша аласыздар.
* * *
14.02.2022
Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2022-жылдын 14-февралдан баштап кайрадан Aкадемиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.
Иштөө убакыттары:
Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: 14:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залындан гана колдоно алышат);
Проф.докт. Азиз Санжар атындагы китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-20:00 (17:30-20:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби - Жекшемби: Дем алыш.
* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 11.10.2021 – 31.05.2022 күндөрүнө тийиштүү;
* Даярдоо курсунун (Башкы имарат), Адвокат Бахаттин Жейлан атындагы (Экономика жана башкаруу факультетинин имараты) жана проф.,докт. Анварбек Мокеев атындагы (Коммуникация факультетинин имараты) окуу залдары академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.
* * *
02.02.2022
Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 31.12.2022 мөөнөтүнө чейин “Oxford University Journals” жана 31.12.2024 мөөнөтүнө чейин “De Gruyter Journal Collection” электрондук маалымат базаларына байланыш ачылды.
Мындан тышкары “Taylor and Francis Journals Online” жана “Jstor” электрондук маалымат базаларына 2022-жыл үчүн байланыш уланууда.
Маалымат базалар туралуу толук маалыматты китепканабыздын веб баракчасындагы “Электрондук китепкана” бөлүмүнөн ала аласыздар.
Баардык маалымат базаларга университеттин тышынан VETİS системасы аркылуу байланыша аласыздар.
* * *
17.01.2022
Урматтуу студенттер! Университетибизде окуу онлайн түрүнө өткөндүгүнө байланыштуу, 01.12.2021-15.02.2022 күндөрү китепканадан алган китептердин өткөрүү күнү 15.02.2022 күнүнө дейре узартылды. 15.02.2022 күнү электрондук каталогдон жеке “Отурум ачып” же мобилдик китепкана аркылуу узартпадан китептерди сөзсүз түрдө өткөрүүнү суранабыз. Узартып салган учурда система автоматтык түрдө китепти алган күндөн баштап кечигүү жазасын эсептеп салат.
Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы
* * *
11.01.2022
Урматтуу окурмандар! Университетибизде окуу онлайн түрүнө өткөндүгүнө байланыштуу Борбордук китепкана, Азиз Санжар атындагы китепкана жана Даярдоо курсу окуу залынын иштөө убакыттары төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт. Калган окуу залдар жабык болот.
Китепканада китеп алуу, өткөзүү иштери гана жүргүзүлүп, окуу залдарда отурууга уруксат берилбейт.
Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30;
Ишемби – Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Дем алыш.
* * *
2 / 34