nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

02.06.2025

       Урматтуу окурмандар! 27-май Китепкана күнүнө карата китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы тарабынан, 2025-жылдын 30-май күнү онлайн семинар өткөрүлдү. Семинарда биздин университет үчүн байланыш ачылган, илимий иштердин, макалалардын, диссертациялардын, дипломдук иштердин, китептердин жана башка материалдардын плагиаттан текшерүү жүргүзгөн “intihal.net” системасы тааныштырылып, колдонуу жолдору түшүндүрүлдү. Таанытуу - КТМУ китепкана жана иш кагаздары башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбековдун модераторлугунда Фырат университетинин ага окутуучусу проф.докт. Ахмет Бедри Өзер тарабынан жүргүзүлдү.



 

29.05.2025

       Урматтуу окурмандар! 2025-жылдын 31-майынан баштап бардык китепканалардын жана окуу залдардын иштөө убакыттары жайкы мезгилге өтөт.

Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30
Ишемби – Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Дем алыш

23.05.2025

       Урматтуу окурмандар! 27-май — Китепкана күнүнө карата китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы тарабынан, 2025-жылдын 30-май күнү саат 15:00дө Zoom аркылуу онлайн семинар өткөрүлөт.
       Семинарда биздин университет үчүн акысыз байланыш ачылган, илимий иштердин, макалалардын, диссертациялардын, дипломдук иштердин, китептердин жана башка материалдардын плагиаттан текшерүүсүн жүргүзгөн “intihal.net” (https://intihal.net/) системасы тааныштырылат жана колдонуу жолдору түшүндүрүлөт. Таанытуучу - Фырат университетинин ага окутуучусу проф.докт. Ахмет Бедри Өзер. Модератор КТМУ китепкана жана иш кагаздары башкармалыгынын башчысы Максатбек Ынакбеков.
       Семинарга бардык окутуучулар жана магистратура/аспирантура студенттери катыша алышат.
Семинарга төмөнкү шилтеме аркылуу кошула аласыздар: https://zoom.us/j/96737115223?pwd=ak6hzgyy5PnnGBRCzfLrI03YbkeZR1.1
Логин: 967 3711 5223
Сыр сөз: 545342

Семинардын видеосу