nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

06.02.2008

     2008-жылдын 5-февралында китепканбызда Чет тилдер жогорку мектебинин Синхрондук котормо бөлүмүнүн, Англис тил жана Орус тил координаторлугунун академик персонелдерине китепканабыздын электрондук каталогун, электрондук маалымат базаларын жана электрондук булактарын таанытуу тренинги жүргүзүлдү. Тренингде китепканабыз тарабындан топтолуп жаткан электрондук каталогубуз тууралуу билгилер: электрондук түрдө каталогдон маалымат издөө иши, мүчөлөрүбүз үчүн түзүлгөн “Жеке отурум” ачуу иши, жаңыдан каттала баштаган мезгилдүү басма сөздөрдүн макалаларын электрондук түрдө издөө иши жана китепканабыз жазылган электрондук маалымат базаларын, электрондук журналдарын, булактарын колдонуу иши, маалымат базалардан макала издөө жана жүктөө иши слайт түрүндө көргөзүлдү жана үйрөтүлдү.

04.02.2008

     Китепканабыздын Мезгилдүү басма сөз бөлүмүндө библиография иши иштей баштады. Бөлүмдө китепканабызда топтолгон илимий журналдардын (10 ысым, китепканабыздагы баардык сандары жана макалаладын толугу), китепканабыз жазылган, Кыргызстанда басылып жаткан аналитикалык журналдардын (10 ысым, 2008-жылдын январь айынан баштап чыгып жаткан сандары жана тандалган макалалар) жана күндүк гезиттердин (22 ысым, 2008-жылдын январь айынан баштап чыгып жаткан сандары жана тандалган макалалар) макалаларынын библиографиялык маалыматтары электрондук түрдө каттала баштады. Киргизилип жаткан библиографиялык маалыматтар электрондук каталогубуздан издөөгө ачык. Мындан тышкары аналитикалык журналдардын жана күндүк гезиттердин эски сандарындагы тандалма макалалардын библиографиялык маалыматтары менуел түрдө (каталог картында) да каттала баштады.
Электрондук каталогубуздан библиография издөө ишинин колдонуу слайды >>>
Библиографиялык каттоолору башталган мезгилдүү басма сөздөрдүн тизмеси>>>

18.09.2007

     17.09.2007 күнүнөн баштап китепканабыздын иш убагы Академиялык мезгилге өзгөртүлдү жана түнкү убакыттары да иштей баштады
Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү-Жума 08.30-00.00
Ишемби 08.30-21.00
Жекшемби 09.00-13.00

28.04.2007

     2007-жылдын 26-27-Апрель айында Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин Китепкана жана иш кагаздары башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасы менен бирге "Маалымат алкагындагы китепканалар: Салты өнүгүү стратегиясы" атуу 1-Китепкана жумалыгын куттукташты. 1-Китепкана жумалыгына Түркия Республикасынын Улуттук Китепкана башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын университет, калк, облустук, райондук, айылдык китепканларадан, о.э. басмаканалардан, китеп сатуучу борборлордон, баардыгы болуп 100гө жакын катышуучулар болушту. Жумалыктын 1-күнү Кыргыз-Түрк Манас университетинин Ата Манас залында “Кыргыз Республикасынын маданият саясаты жана китепканалар”, “Азыркы абалда китепканаларды маалымат булактары менен камсыз кылуу жана коргоо” жана “Китепканалардагы автоматташтырылган технологиялар жана системалар. Электрондук маалыматтар, булактар, китепканалар” атту темаларда докладдар окулду. Жумалыктын 2-күнү Кыргыз Республикасынын Улуттук Китепканасынын чоѕ актовый залында “Китеп сатуучу субъекттер менен китепканалардын байланыштары: абалы жана проблемалары” аттуу темада докладдар окулду.

11.12.2006

     Все номера научных журналов:

  • "Erdem: Atatürk Kültür Merkezi Dergisi",
  • "Belleten",
  • "Türk Dili Araştırma Yıllığı: Belleten",
  • "Türkiyat araştırmaları Dergisi",
  • "Journal of Turkic Civilization Studies",
  • "Манас Университети Коомдук илимдер журналы",
  • "Манас Университети Табигый илимдер журналы",
  • "Советская тюркология: Научно-теоретический журнал", которые находятся в отделе периодических изданий, полностью с содержанием зарегистрированы в электронном каталоге библиотеки. В электронном каталоге вы можете проводить поиски и по содержанию номера журнала.

Руководство пользования этими процессами поиска вы можете получить здесь >>>