nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

30.10.2012

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн үч түрдүү электрондук маалымат базасына байланыш ачылды.

1. 31.01.2013 күнүнө дейре “eBook Academic Subscription Collection(EBSCO Publishing)” маалымат базасына байланыш ачылды. “eBook Academic Subscription Collection™” маалымат базасы Санат, Гуманитардык илимдер, Бизнес, Экономика, Маалымат технологиясы, Медицина, Илим жана техника ж.б. темалардагы 265 000 ашык электрондук китептерди камтыйт. 

2. 10.12.2012 күнүнө дейре “İntegrum” маалымат базасына байланыш ачылды. “İntegrum” маалымат базасы орус тилинде басылган газета жана журналдардын электрондук архивин камтыйт.

3. 30.11.2012 күнүнө дейре “Cengage Gale” маалымат базасына байланыш ачылды. “Cengage Gale” маалымат базасы Biography In Context, Business Insights: Global, GREENR (Global Reference on the Environment, Energy, and Natural, Resources), General OneFile, Global Issues in Context, Student Resources In Context, World History In Context темалардагы электрондук маалыматтарды камтыйт.

04.10.2012

    Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн Taylor and Francis Online маалымат базасына 02.12.2012 күнүнө дейре байланыш ачылды. Бул маалымат базасы университеттик басмакана жана дүйнөдөгү баардык коммерциялык журнал чыгаруучу басмаканалардын эң чоңу болуп саналат. Маалымат база баардык тармактагы илимий журналдарды камтыйт. 
Бул маалымат базасына бул жерден байланыша аласыздар.

03.10.2012

     Урматтуу окурмандар, Университетибиз 2013-жылдын Ноябрь айына дейре World eBook Library электрондук китеп маалымат базасына жазылды. World eBook Library маалымат базасы 200 миңге жакын басмаканалардын 2,7 миллион электрондук китептерин камтыйт. Китептердин 85% англис, 160 миң немис, 175 миң француз, 10 миң орус, 850 арап, 900 түрк-осман тилдеринде.

Мындан тышкары, Кыргызстандагы илимий китепканалар тарабынан жүргүзүлгөн проект аркылуу “Кыргызстан электрондук илимий китепканасы” (Kyrgyzstan Virtual Science Library) аттуу толук тексттүү электрондук маалымат базасы иштей баштады.

World eBook Library маалымат базасына бул жактан байланыша аласыз. 
Kyrgyzstan Virtual Science Library маалымат базасына бул жактан байланыша аласыз.

28.05.2012

     Жаңы ачылган Ч.Айтматов атындагы окуу залы 01-16-июнь 2012 күндөрү академиялык убакыт боюнча иштейт:

Дүйшөнбү - Жума: 08.30 - 20.00
Ишемби: 10.00 - 18.00
Жекшемби: Дем алуу.

22.05.2012

     Университетибиздин китепканасы 22 Май 2012 күнү Ч. Айтматов атындагы окуу залында, Кыргызстан китепканалар күнүнө карата, Кыргызстан китепкана жана маалымат консорциумунун мүчөлөрүнө “Кыргызстандын илимий өнүгүүсүндө электрондук маалымат ресурстарынын мааниси. Туркия мисалында” аттуу жыйын өткөрдү. Жыйында “Томсон рейтер” фирмасынын Түркиядакы координатору жана “Микро Билги” фирмасынын мүдүрү Метин Тунч тарабынан “Кыргызстандын илимий өнүгүүсүндө электрондук маалымат ресурстарынын мааниси. Туркия мисалында” аттуу доклады жана “World e-Book Library” электрондук китеп маалымат базасынын презентациясы болду.

Презентациялар:
1. Каким образом Web of Knowledge сможет помочь исследованию и науке Кыргызстанa, иx видимости и эффективности (орусча) (англиcче) 
2. “World eBook Library” маалымат базасы.