nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

12.02.2015

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн Nature.com маалымат базасына 31.03.2015 күнүнө дейре сыноочу байланыш ачылды. Бул маалымат базасы Biological sciences; Earth & environmental sciences; Health sciences; Physical sciences; Scientific community & society темаларда 140ка жакын илимий журналды камтыйт. 
Бул маалымат базасына бул жерден байланыша аласыздар.

21.01.2015

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн Taylor and Francis Journals Online маалымат базасына 31.01.2016 күнүнө дейре байланыш ачылды. Бул маалымат базасы университеттик басмакана жана дүйнөдөгү баардык коммерциялык журнал чыгаруучу басмаканалардын эң чоңу болуп саналат. Маалымат база баардык тармактагы 17 миңге жакын илимий журналдарды камтыйт. 
Бул маалымат базасына бул жерден байланыша аласыздар.
Журналдардын тизмесин бул жерден ала аласыздар.

15.01.2015

     Урматтуу окурмандар! Университетибизде 2015-жылдын 15-февралына чейин “Credo Online Reference Service” электрондук маалымат базасы колдонууга ачылды. Бул маалымат базада 600 электрондук китеп бар. Китептер 80 басмаканада жарыяланган. Алардын ичинде Elsevier, Routledge, SAGE, Wiley-Blac жана Cambridge University Press сыяктуу басмаканалар да бар.
Бул маалымат базада искусство, бизнес, билим берүү, тамактануу жана суусундуктар, география, тарых, тил, укук, адабият, медицина, музыка, философия, социология, психология, дин таануу, технология тармактары менен биргеликте атлас, биография хронология, сөздүктөр, энциклопедия, сурамжылоо, саякат, сүрөттөр топтому, цитаталар, статистикалар боюнча да маалыматтар камтылган.
Маалымат базасы бул жерде.