24.09.2025
Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2025-жылдын 1-октябрынан тартып “Muteferriqa” Осман жана Түркия изилдөөлөрүнүн ачылыш порталына бир айлык сыноочу байланыш ачылат.
Muteferriqa - Осман империясынын дооруна таандык XVIII кылымдан XX кылымдын орто ченине чейинки мезгилде жарык көргөн китептерди, мезгилдүү басылмаларды жана документтерди камтыган кеңири онлайн изилдөө топтому.
Портал төмөнкү мүмкүнчүлүктөрдү сунуштайт:
• 7 миллион бет жана 660 миңден ашуун сүрөт.
• Осмон түркчө чыгармаларында толук тексттик издөө мүмкүнчүлүгү.
• Өнүккөн издөө ыкмалары: жакындык боюнча издөө, бүдөмүк дал келүү жана айкалыштыруу белгилерди колдонуу сыяктуу куралдар аркылуу издөө.
• Визуалдык ачылыш функциясы аркылуу тексттерден тышкары сүрөттөр жана сүрөт алдындагы жазуулар боюнча издөө мүмкүнчүлүгү.
• Арап алфавитинде жазылган тексттерди издөө үчүн виртуалдык клавиатура; мындан тышкары түркчө, осмончо, англисче жана орусча тилдерде окуу жана издөө мүмкүнчүлүгү.
Muteferriqa окутуучулар, студенттер жана изилдөөчүлөр үчүн осмон түркчөсү менен түз иштөөнү жеңилдеткен, баштапкы булактарга жетүүнү тездеткен жана изилдөө процессин системалаштырган маанилүү курал.
Muteferriqa мезгилдүү басылмалары (1831–1952) |
Muteferriqa китептери (1729-1952) |
• 1 500 тема | • 35 000 тема |
• 96 000 сан | • 6 миллион бет |
• 1 миллион бет | • 950 миллион сөз |
• 750 миллион сөз | • 410 миллион сүрөт булактары |
• 250 миллион сүрөт булактары |
Маалымат базага бул жерден кирсеңиз болот..
Таанытуу брошюрасы