03.10.2023

       Урматтуу окурмандар! “BiblioRossica” электрондук китепкана системасына сыноочу байланыш үстүбүздөгү жылдын 16-октябрынан 16-ноябрына чейин ачылат. BiblioRossica - бул изилдөөчүлөр, мугалимдер жана студенттер үчүн иштелип чыккан заманбап электрондук китепкана системасы. Анда Орусиянын алдыңкы илимий басмаларынын гуманитардык, техникалык жана табигый илимдер боюнча 26 000ден ашуун учурдагы илимий жана окуу адабияттары берилген. Орус басылмалары Academic Studies Press басмасынан (Бостон, АКШ) гуманитардык жана коомдук илимдер боюнча англис тилиндеги адабияттар менен толукталган.

"BiblioRossica" ЭКСин веб-сайты бул жерде (https://www.bibliorossica.com/).
Кампуста сыр сөзсүз кирүүгө болот. Кампус тышынан кирүү үчүн китепканадан колдонуучу атын жана паролду алышыңыз керек.