nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

16.02.2018

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн Clarivate Analytics (Thomson Reuters) компаниясынын InCites системасына 2018-жылдын 28-февраль күнүнө дейре сыноочу байланыш ачылды. InCites – жергиликтүү жана чет өлкөлүк билим берүү жана мамлекеттик мекемелердин өнүгүү анализин кылган бир курал болуп саналат. InCites - бардык маалыматтарды Web of Science Core Collection маалымат базасынан алат жана бул базадагы профили түзүлгөн мекемелердин гана анализин чыгарат. InCites – ESCIдан тышкаркы макалалардын анализи жүргүзүлөт.
InCites – системасына Web of Science Core Collection маалымат базасынан же https://incites.thomsonreuters.com адресинен кире аласыздар.

11.12.2017

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 11.12.2017 - 10.01.2018 күндөрүнө “Scopus” маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды. 
Маалымат базага бул адрестен байланыша аласыздар http://www.scopus.com

19.09.2017

     Урматтуу окурмандар! Университетибиздин китепканасы 2017-жылдын 2-октябрынан баштап академиялык убакыт боюнча иштеп баштайт.

Борбордук китепкана:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залын гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залын гана колдоно алышат);
Жекшемби: 12:00-20:00 (бул күнү окурмандарга китептер берилбейт, китеп окуу залын гана колдоно алышат);

Ч. Айтматов атындагы Окуу Зал:
Дүйшөнбү - Жума: 08:30-22:00 (17:30-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Ишемби: 11:00-22:00 (18:00-22:00 сааттар аралыгында окурмандарга китептер үйгө берилбейт, китеп окуу залы жана компьютер залындан гана колдоно алышат);
Жекшемби: Дем алыш

* Расмий майрам күндөрү китепкана иштебейт;
* Бул иштөө убакыттары 02.10.2017 – 31.05.2018 күндөрүнө тийиштүү;
* С. Жигитов атындагы жана Даярдоо курсунун (Башкы имарат) окуу залдары академиялык убакыт ичинде жөнөкөй иш саатына жараша иштейт;
* Академиялык календарь боюнча күзгү семестрдан кийинки каникул убагында китепкананын иш убактысы жөнөкөй иш саатына өтөт же кечки иш сааты кыскартылышы мүмкүн.

12.09.2017

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2017-жылдын Сентябрь айынан баштап “Токтом” юридикалык маалымат системасына байланыш ачылды. 
“Токтом” юридикалык маалымат системасы - укук боюнча маалыматтардын топтомун, ченемдик укук актысы менен ченемдик техникалык документердин тексттерин, мыйзам чыгаруу үчүн түшүндүрмөлөрдү, Жогорку соттун чечимдерин, сот тажрыйбаларынын серептерин жана башка маалыматтарды камтыйт. 
Системаны компьютериңизге куруу көрсөтмөсүн бул жерден алсаңыз болот.

12.05.2017

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Cambridge Journals Online”маалымат базасына 31.12.2017 мөөнөтүнө чейин байланыш ачылды.
Маалымат базада илимдин көптөгөн тармактарындагы 384 журналды камтыйт.
Маалымат базаны бул жактан (https://www.cambridge.org/core/) колдонсоңуз болот.