nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

16.03.2020

       Урматтуу окурмандар! Университетибизде 2020-жылдын 16-марттан 08-апрелине чейин окуу убактылуу токтотулганына байланыштуу ушул күндөрү бардык китепканалардын жана окуу залдардын иштөө убакыттары төмөндөгүдөй болуп өзгөрөт. Китепканада китеп алуу, өткөзүү иштери гана жүргүзүлүп, окуу залдарда отурууга уруксат берилбейт.

Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-17.30
Ишемби – Жекшемби жана расмий майрам күндөрү: Дем алыш

17.02.2020

       Урматтуу окурмандар! 2020-жылдын 17-мартына чейин “Turcademy” электрондук маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды.
“Turcademy” электрондук китепканасы инженерия, табигый илимдер, медицина, укук, гумманитардык жана коомдук илимдер, музыка жана көркөм сүрөт өнөрү тармагындагы 5000ден ашык электрондук китептерди камтыйт.
Электрондук маалымат базага жерден байланышсаңыз болот.

11.02.2020

       Урматтуу окурмандар! 2020-жылдын 30-июнуна чейин орусча “Grebennikon” электрондук китепканасына сыноочу байланыш ачылды.
“Grebennikon” электрондук китепканасы маркетинг, менеджмент, персонал, финансы темасындагы электрондук журналдарды, китептерди, альманахтарды жана видеокурстарды камтыйт.
Электрондук китепканага бул жерден байланышсаңыз болот.

03.02.2020

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Mathematical Science Publishers (MSP)” маалымат базасына 31.12.2022 мөөнөтүнө чейин байланыш ачылды.
Маалымат базада математика тармагындагы рецензияланган 17 журналды камтыйт.
Маалымат базаны бул жактан колдонсоңуз болот.

19.12.2019

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “Applied Science & Technology Source Ultimate” маалымат базасына 18.01.2020 күнүнө дейре убактылуу байланыш ачылды. “Applied Science & Technology Source Ultimate” маалымат базасы – 70 өлкөдө чыгып жаткан, инженерия, технология, табигый илимдер тармагындагы 1346 даана толук тексттүү журналдарды, 1132 даана толук тексттүү рецензияланган журналдарды, 698 даана Web of Science менен Scopusта индекстелген толук тексттүү журналдарды камтыган база.
“Applied Science & Technology Source Ultimate” маалымат базасы колдонулуп жаткан “EBSCOHost” маалымат базасынын ичинде жайгашкан.
“EBSCOHost” маалымат базасына бул жактан кирсеңиз болот.