nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

08.09.2020

       Урматтуу окурмандар! 07-сентябрь 2020-жылдан баштап китепканалар китеп алууга жана өткөрүүгө ачык (Окуу залдарга отурууга уруксат берилбейт). 2020-2021 окуу жылы онлайн түрдө болгондугуна байланыштуу, 2019-2020 окуу жылында китепканадан алган китептердин өткөрүү күнү 31.12.2020 күнүнө дейре узартылды. Мүмкүнчүлүгү барлар алган китептерди өткөрүп койсо болот. Электрондук китепканабыз окуу материалдар менен күнүгө толукталып жатат.

25.06.2020

       Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн “OpenEdition” маалымат базасына 31.12.2020 күнүнө дейре EIFL долбоору аркылуу бекер байланыш ачылды. “OpenEdition” – коомдук жана гуманитардык илимдердеги илимий маалымат кызматынын комплекстүү санариптик инфраструктурасы. Университетибиз үчүн бул маалымат базанын 175 журналына байланыш ачылды.
Маалымат базаны бул жактан колдонсоңуз болот.

17.06.2020

       Урматтуу окурмандар! Китепканадан үйгө алган китептердин өткөрүү күнү 15.09.2020 күнүнө дейре узартылды. 15.09.2020 күнү электрондук каталогдон жеке “Отурум ачып” же мобилдик китепкана аркылуу узартпадан китептерди сөзсүз түрдө өткөрүүнү суранабыз. Узартып салган учурда система автоматтык түрдө китепти алган күндөн баштап кечигүү жазасын эсептеп салат.

02.06.2020

       Урматтуу окурмандар! Ататүрк Изилдөө Борбору, Түрк Лингвистикалык Коому, Түрк Тарых Коому жана Ататүрк Маданий Борбору тарабынан чыгарылган китептер 2020-жылдын аягына чейин бекер ачылды.
Китептерге бул жерден байланышсаңыз болот.

21.05.2020

       Урматтуу окурмандар! Антиплагиат системасынан өтүү үчүн төмөндөгү формаларды толтуруп, жазган ишиңердин ворд вариантын бул почтага жөнөтүнүз Этот адрес электронной почты защищён от спам-ботов. У вас должен быть включен JavaScript для просмотра.

дисстертациялар учун форма
макалалар учун форма