nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

31.01.2013

     2013-жылдын 1-февралынан баштап китепканабыздын башкы имараты жана кампустагы Ч. Айтматов атындагы окуу залынын иш убагы Академиялык мезгилге өтөт
Иштөө убакыттары:
Дүйшөмбү - Жума: 08.30-20.00
Ишемби: 10.00-18.00
Жекшемби: Иштебейт.

09.11.2012

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз үчүн 2012-жылдын 20-декабрына чейин Passport GMID (Global Market Information Database) маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды. 

Passport GMID (Global Market Information Database) эл аралык салыштырмалуу маалыматтарды, базар, экономика, калктын, жеке ишканалардын болжол жана анализин, айрыкча: 15 жыл үчүн сатыштырмалуу социалдык-экономикалык болжол жана көрсөткүчтөрдү сунат (210 өлкө); Ай сайын жана үч айда бир көрсөткүчтөр; Глобалдык экономиканын жана бизнес чөйрөсүнүн оперативдүү анализи, дүйнөнүн алдыңкы экономикаларынын бардык тармактарынын курулуш иштери (18 өлкө); Кеңири керектөө буюмдары жана кызматтар үчүн стратегиялык анализ жана базар абалынын болжолу (80 өлкө); 80 өлкөдө 27 тармакта 300дөн ашуун кеңири керектөө буюмдарын сатуу; Чоң улуттук жана эл аралык ишканалардын базар үлүштөрү жана профилдери; Глобалдуу жана өлкөнүн кеңири керектөө буюмдарынын жантаймасынын көрсөткүч жана анализин камтыйт.
Маалымат базасына бул жактан байланыша 
аласыздар http://www.portal.euromonitor.com/portal/ 
Англисче колдонмо китепчеси.

07.11.2012

     Урматтуу окурмандар, Scientific & Academic Publishing (SAP)басмаканасынын илимий материалдарына байланыш ачылды.

SAP төмөндөгү материалдарды жарыялайт:

Журналдар.
Предметтердин кең диапазондо болгон ачык байланыштагы 120дан ашуун академиялык журналдар сунулган. 

Конференциялар. 
SAP конференция материалдарын сунат.