nivo nivo nivo nivo nivo nivo

Жаңылыктар

21.12.2011

     Урматтуу окурмандар! Университетибиз жазылган Параграф аттуу электрондук укук энциклопедиясынын колдонуу мөөнөтү жүрүп жатат. Бул энциклопедия Кыргызстанга таандык баардык мыйзамдарды камтыйт жана күнүгө жаңыланып турат. Энциклопедия китепкананын серверине курулуп, калган компьютерлерге ички желе тармагы аркылуу байланыштырылат. Параграф электрондук укук энциклопедиясына байланышууну үйрөтүүчү видео "бул жерде жайгашкан".

Университетибиз үчүн бул жыл аягына дейре сыноочу байланыш ачылган "SpringerLink" толук текстүү электрондук маалымат базасынын колдонуу мөөнөтү 31.01.2012 күнүнө дейре узартылды. Электрондук маалымат базасына төмөнкү веб адрестен кирүүгө болот http://www.springerlink.com/

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 541942-47, ички телефон 1200, 1012, 1006.

18.11.2011

     Урматтуу окурмандар, 2011-жылдын 17-декабрына чейин университетибизге "Emerald" толук текстүү электрондук журнал маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды. "Emerald" маалымат базасында 216 аталыштагы журнал камтылган. Бул маалымат базасына http://www.emeraldinsight.com/ адреси боюнча кирүүгө болот. Базадагы журналдардын тизмеси бул жерде жайгашкан

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 541942-47, ички телефон 1200, 1012, 1006.

11.11.2011

     Урматтуу окурмандар, 2011-жылдын 15-декабрына чейин университетибизге "SAGE" толук текстүү электрондук журнал маалымат базасына сыноочу байланыш ачылды. "SAGE" маалымат базасында менеджмент, коомдук жана социалдык илимдер, так жана медициналык илимдер тармагында 1999-жылынан бүгүнкү күнгө чейинки 571 аталыштагы журнал камтылган. Мындан сырткары 415 аталыштагы журналдын 1-санынан баштап 1998-жылына чейинки сандарынын архиви бар. Бул маалымат базасына http://online.sagepub.com/ адреси боюнча кирүүгө болот.

Кошумча маалымат үчүн телефондор: 541942-47, ички телефон 1200, 1012, 1006.